Бишкек шаардык соту Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү токтотуу тууралуу чечимди жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту 27-июлда Свердлов райсотунун түзөтүү колониясында укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көз жумушу боюнча кылмыш ишин кыскартуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, юристтер Аскаровдун өлүмү толук иликтенишин талап кылууну уланта берерин «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу уюмунун координатору Аида Байжуманова белгиледи.

«Эми кылмыш иши Свердлов райондук сотунда кайра каралат. Биз шаардык соттун чечимин толугу менен колдойбуз. “Бир дүйнө Кыргызстан” жана юристтер Азимжан Аскаровдун өлүмү толук, сапаттуу иликтениши үчүн күрөштү улантат», — деп билдирди ал.

Буга чейин «Бир дүйнө» укук коргоочу уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон. Алар Аскаровдун өлүмүн ЖАМК иликтеп жатканын кызыкчылыктардын кагылышы деп атап, ведомство кайрадан көз карандысыз, комиссиялык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартаканын белгилешкен.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы Ош окуяларына байланыштуу бир нече беренелер боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 түзөтүү абагында көз жумган. ЖАМК укук коргоочу пневмониядан каза тапканын билдирген.

Укук коргоочунун өлүмү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кийин ЖАМК тергөөчүсү кылмыштын белгилери жоктугуна байланыштуу ишти кыскарткан.

«Бир дүйнө» жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн чечими мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райсотуна апелляциялык арыз жолдогон. Бирок 1-июнда райондук сот дагы ишти иликтөөнү токтотуу чечимин кабыл алган — адвокаттардын апелляция берүү мөөнөтү бүтүп калган. Андан соң укук коргоочулар бул чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу — өмүрүнүн 10 жылын абакта өткөргөн. Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан.

Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыратканы менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

2020-жылы 25-июлда 47-колониянын ооруканасында 69 жаштагы Аскаров көз жумганы белгилүү болгон. Анын көзү өткөнүн кесиптеши, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жана адвокаты Валерьян Вахитов тастыктаган.

Анын адвокаты Валерьян Вахитов жана укук коргоо уюмдары бир нече жолу Аскаровдун саламаттыгы солгундап кеткенин кабарлашкан болчу. Ал эми ЖАМКнын маалыматы боюнча, бейтапканага жатуудан Аскаров өзү баш тарткан.

Азимжан Аскаровдун иши боюнча бир катар карама-каршылыктар байкалган — укук коргоочу негизинен милициянын көрсөтмөсүнүн негизинде гана соттолгон. Мындан тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынгандыгын жана укук коргоочуга каршы сот иши адилетсиз болгонун айткан.

Укук коргоочулар Аскаровго карата куугунтуктоо ал милиция тарабынан жасалган кыйноо фактыларын иликтөөгө алгандыгы менен байланыштырган.

2016-жылы БУУнун комитети кыргыз бийлигинен Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, камактан бошотууну талап кылган, бирок бийлик аны ишке ашырган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азимжан Аскаровдун өлүмүн калыс иликтөө кажет — БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап жатат. Эмне үчүн бул иш маанилүү?