Жогорку Кеңештин депутаттары 28-июлдагы отурумда «Чек ара ыйгарым укуктуулары» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми чек ара ыйгарым укуктуулардын укуктары кеңейтилип, аларга курал берүү да каралган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, мыйзам долбоору чек араны кайтаруу жана коргоого, чек ара көзөмөлүн жүргүзүүгө көмөктөшүүгө, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салууну алдын алуу жана болтурбоо үчүн иштелип чыккан.
Мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилди?
Чек арага ыйгарым укуктуулар — аскер кызматын өтөгөн жана чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар. Буга чейин алар чек арачыларга көмөк көрсөтүп, аларга маалымат гана бере алышкан.
Ал эми мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «чек арага ыйгарым укуктуулар» деген статуска ээ болгон тургундар жылына эки жолудан аз эмес аскердик даярдыктан өткөрүлүп, ок атуучу курал колдонуу укугуна ээ болот.
Ошондой эле, чек ара ыйгарым укуктууларга өмүрүн жана саламаттыгын аскер кызматчыларынын даражасында мамлекеттик камсыздандырууга кепилдик берилээри каралган.
Мындан сырткары, эгерде чек ара ыйгарым укуктуу куралдуу кагылышууда жарадар болсо ал «чек ара аскери» статусуна ээ болот.
Кыргызстанда 140 чек арага ыйгарым укуктуу бар. Акыркы беш жылда алардын арасында жаракат алгандар же жабыркагандар болгон эмес.
Курал кайсыл учурда берилет?
Депутат Нурбаев журналисттерге маек куруп, мыйзам долбоор тууралуу айтып берген. Нурбаевдин Баткен облусундагы активисттердин сөзүнө таянып, апрелдин аягында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Тажикстан «жөнөкөй элге курал-жарак таркаткан» деп айткан.
Мындан улам Нурбаев жана бир топ депутаттар «Чек ара ыйгарым укуктуулары» жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген.
«Биз ошол мыйзамды дагы иштеп туруп, ошол чек арага ыйгарым укуктуу адамдарга биздин өлкөбүздүн чек арасына башка жактан аскерий агрессия болгондо курал берүүгө уруксат берүүнү берейин деп жатабыз. Анткени алар психологиялык, физикалык-моралдык жактан текшерилген жана окуудан өтүп турушат», — деди Нурбаев.
ТЕМА БОЮНЧА: Чек арага ыйгарым укуктууларга курал аскерий агрессия болгондо берилет
Тажикстандын аскерий агрессиясы
28-апрелде тажик тарап Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга өз алдынча видео байкоочу камера орнотууга аракет кылып, анын айынан эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан.
Кийинчерээк чыр куралдуу жаңжалга айланып, ок атуулардын кесепетинен 189 кыргыз жараны жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.
Тажик аскерлер Баткен районунан сырткары Лейлек районундагы айылдарга да кол салып, жалпысынан 129 турак үй жана 84 объект жабыркаган.
Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.