Абдывахаб Нурбаев: Чек арага ыйгарым укуктууларга курал аскерий агрессия болгондо берилет

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев Ali Toktakunov’s Mediahubына маек куруп, чек арага чектеш жашаган чек арага ыйгарым укуктуу тургундарга курал берүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганын билдирди. Ал аталган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.

Нурбаевдин айтымында, апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын аскердик агрессиясынан кийин ал баткендик активисттер менен жолугушкан. Активисттер депутатка жергиликтүү тургундарга коргонуу үчүн курал берүү керектигин айтышкан.

«Анткени “тажиктер ошол жерде жөнөкөй элге курал-жарак таркатып, ушундай кырдаал болду, биздикилер коргоно албай калды” деп [айтышты активисттер]», — деди Нурбаев.

Депутаттын айтымында, ал адистер менен «Ыктыярдуу мекен коргоочулар» жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бирок Нурбаев аскердер менен жана чек ара кызматында иштеген эксперттер менен кеңешкенден кийин алар «Чек ара ыйгарым укуктуулары» жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан.

*«Чек ара ыйгарым укуктуулары» жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, «чек арага ыйгарым укуктуулар» деген статуска ээ болгон тургундар чек ара кызматынын аскерлерине көмөк көрсөтүп, аларга ар түрдүү маалымат берет. Чек арага ыйгарым укуктуулар буга чейин аскер кызматынан өткөн жана чек ара аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар болушу керек.

«Биз ошол мыйзамды дагы иштеп туруп, ошол чек арага ыйгарым укуктуу адамдарга биздин өлкөбүздүн чек арасына башка жактан аскерий агрессия болгондо курал берүүгө уруксат берүүнү берейин деп жатабыз. Анткени алар психологиялык, физикалык-моралдык жактан текшерилген жана окуудан өтүп турушат», — деди Нурбаев.

Нурбаевдин айтымында, чек арага ыйгарым укуктууларды чек ара кызматынын аскерлери машыктырып турушат. Ал эми алар кагылышуу учурда жаракат алса «чек ара аскери» статусуна ээ болушат. Нурбаев чек ара ыйгарым укуктуулардын куралдары чек ара заставасында сактала турганын жана башка өлкө тарабынан «аскерий агрессия» болгон учурда гана бериле турганын кошумчалады.

«Ошол Баткендин жаштары айтып берди да: “Биздин кээ бир 18-19 жаштагы [аскер] балдарыбыз кечээги тополондо өздөрүн психологиялык жактан жоготуп коюшту. Жөнөкөй эл алып, алардын куралын колдонгон учурлар болду”. Ошондой эле биздин позицияларда адамдар жетишпей калыптыр. Мисалы бизде тоо жактарда жакшы позициялар болгон, бирок адам жок болгон да», — деди Нурбаев.

Ошондой эле, Нурбаев Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактардын тургундарын ошол жерде кармап калууга шарттарды түзүү керектигин белгиледи. Депутаттын айтымында, жергиликтүү тургундарга курал берүү буга көмөк көрсөтөт.

Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр

19-майда «Чек ара ыйгарым укуктуулар» жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аны депутаттар Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова жана Улугбек Садиков демилгелешкен.

Депутаттар сунуштаган долбоордо чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктарын кеңейтүү каралган. Тагыраагы, алар жылына эки жолудан аз эмес аскердик даярдыктан өткөрүлүп, ок атуучу курал колдонуу укугуна ээ болот. Ошондой эле чек ара ыйгарым укуктууларга өмүрүн жана саламаттыгын аскер кызматчыларынын даражасында мамлекеттик камсыздандырууга кепилдик берилээри каралган.

«Өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, жарандарыбыздын коопсуздугун коргоо, алардын мүлкүн жана башка жашоого керектүү социалдык объектилерин сактоо боюнча чек арачылардын милдеттерин так аткарууга чек ара ыйгарым укуктуулары көмөктөшөт жана жардамчы болот. Мыйзам долбоорунда каралган шарттар алардын өмүрүн жана саламаттыгына кепилдик берет», — деп берилет мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Кыргызстанда 140 чек ара ыйгарым укуктуулар бар. Акыркы беш жылда алардын ичинде жаракат алгандар же жабыркагандар болгон эмес.

Тажикстандын аскерий агрессиясы

Тажик аскерлери Максат айылынын кире беришинде. Скрин бул видеодон алынган, ал эми «Политклиника» басылмасы аскерлердин арасында генерал-майор Мухаммадзода Хуршед Изатулло болгонун аныктаган

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Куралдуу агрессиядан Баткендин Баткен жана Лейлек райондорунда 136 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турганын билдирген. Ошондой эле, ал Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин жана өрттөнгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак-жайлар салына турганын айткан.

Кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт.

Ал эми Башкы прокуратура Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 11 сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын билдирген.