Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккандан кийин эмне деди?

Кыргызстандын бозгун президенти Аскар Акаев «мекенине “Кумтөр” ишине байланыштуу тергөө менен кызматташууга келди». Бул тууралуу ал 2-августта УКМКга сурак берип чыккандан кийин журналисттерге курган маегинде билдирди.

«Мага мекениме келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген республиканын жетекчилигине, президент Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Мен кызматташуу үчүн, жардам берүү үчүн келдим. Өзүңөр билгендей, мага Кумтөр боюнча дооматтар бар. Кумтөр менин тушумда курулган, ошондуктан тергөөгө көмөтөшүүнү, көрсөтмө берүүнү каалайм», — деп билдирди Акаев.

Акаев «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айтты.

«Мен Кумтөрдү кантип курганбыз, эмне себептен курганбыз, кандай катачылыктарды жол берилген болушу мүмкүн экенин, ошонун баарын чын жүрөктөн, төкпөй-чачпай айтып берүү үчүн келдим. Бирок тергөө улана берет, мен бүгүн гана учуп келдим, иш менен жаңы эле тааныштым», — деди ал.

Мурдагы президент буга чейинки өлкө башчыларына эч кандай дооматы жок экенин дагы кошумчалады.

«Менин эч бир президентке эч кандай дооматым жок. Ар бири эл менен, жетекчилик менен өзү чечет. Кудай буюрса, мен өзүмдүн маселемди чечип алайын», — деп белгиледи ал.

Акаевдин Кыргызстанга келиши

2-августта УКМКнын басма сөз кызматы Акаев Бишкекке келгенин тастыктаган. Ведомствонун маалыматына караганда, ал УКМКга жеткирилген.

«Анын катышуусунда “Кумтөр” кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирген УКМК.

Комитеттен белгилешкендей, УКМК «Кумтөр» иши менен катар «тарыхый адилеттикти орнотуу үчүн» Акаевди жоопко тартуу боюнча күжүрмөн иштеген.

Бирок экс-премьер-министр Феликс Куловдун айтымында, Акаев өзү мекенине кайтып келүүнү чечкен.

«Садыр Жапаров айкөлдүк кылып мурдагы президентке өлкөгө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Менин билишимче, Аскар Акаевди эч ким мажбурлаган жок. Ал Бишкекке келгенден кийин УКМКга барды», — деп билдирген Кулов.

Акаев 1991-жылдан тартып 2005-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Ал 2005-жылы, «жоогазын революциясы» деп аталган төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качкан. Андан кийин ал Москвада отурукташып, илимий ишмердикке кайткан.

Тема боюнча:

Аскар Акаев Кыргызстанга келди, ал УКМКга жеткирилди

Бир кадр менен: Аскар Акаев Бишкекке конгон учактан түшүп келе жатат