Кыргызстан Токио Олимпиадасында медалдык эсепте 70-орунду ээледи

Жапонияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстан медалдык эсепте 205 мамлекеттин ичинен 70-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада-2020 мелдешинин расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Токиодо өткөн Олимпиада оюндары 8-августта расмий жабык деп жарыяланды. Ага дүйнөнүн 205 өлкөсүнөн жалпы 12 миңден ашуун спортчу катышкан. Алардын ичинен 86 мамлекеттин спортчусу өлкөсүнө медаль менен кайткан.

Байге алуу жарышында АКШ 39 алтын медаль алып, медалдык зачёттун сап башына чыккан. Андан кийинки эле орунга Кытай илинген — АКШ менен теңдешүүгө бир медаль жетпей калган.

Ал эми Кыргызстан Олимпиада оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду камсыздады.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз спортчулары биринчи жолу үч олимпиада медалын багындырды. Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырды. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси — Акжол Махмудов.

Токио шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргыз спортчуларынан 18 спортчу жолдомо алган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Олимпиада. Спортчулардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келди