Олимпиада. Спортчулардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келди

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчуларынын бир бөлүгүн «Манас» эл аралык аэропортунда алардын жакындары, күйөрмандары жана бийлик өкүлдөрү тосуп алды.

Спортчуларды тосууга президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Mаданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев келди.

Спортчулардын биринчи катарында эркин жана грек-рим күрөш боюнча күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана коло медалды жеңген Мээрим Жуманазарова болду. Алар менен бирге балбандар Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медетбек кызы, ок атуучу Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков жана суучул Денис Петрашов да келди. Спортчулар менен кошо алардын машыктыруучулары да мекенге кайтты.

Олимпиадада ийгилик жараткан балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Бакыт Шаршеев кол саат ыйгарды.

Олимпиада оюндарына барган кыргыз спортчуларына арналган салтанаттуу иш-чара борбордук «Ала-Тоо» аянтында улантылат.

Токио олимпиадасына Кыргызстандан 17 спортчу барган. Алар эки күмүш жана бир коло медал менен мекенге кайтышты. Кыргызстан алган медалдар боюнча дүйнөдө 70чи орунда, ал эми Борбор Азияда мамлекеттеринин ичинен Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн алдыга чыккан.