Ош облусунун башчысынын орун басары дайындалды

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп Данияр Жаныкулов дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаныкулов 10-августта жамаатка тааныштырылды.

Данияр Жаныкулов — 41 жашта. Ал буга чейин «Альянс-Алтын» компаниясында коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал эми эмгек жолун 2001-жылы КТРКнын «Ала-Тоо» программасында кабарчы болуп иштөөдөн баштаган.

Мындан сырткары, ЭлТР МТРКсында башкы продюсер, Маданият жана маалымат министрлигинде басма сөз катчы, андан кийин министрдин жардамчысы болуп эмгектенген. Жаныкулов 2011-жылдын 2014-жылга чейин «Ата-Журт» саясий партиясынын төрага орун басары болгон.

Буга чейин Ош облусунун башчысынын орун басары Ахмаджан Мухаммадов болчу. Ал 2-августта Ош облустук статистика башкармалыгына жетекчи болуп дайындылганына байланыштуу кызматын тапшырган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зиядин Жамалдинов эсептелет. Ал 22-июлда дайындалган. Жамалдинов парламенттин алтынчы чакырылышына 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп келген. Мандатын өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган. Ал эми шайлоого «Бүтүн-Кыргызстан» партиясы менен барган.

Дагы окуңуз:

Ош: Абдураимов кызматтан көтөрүлүп, ордуна экс-депутат Зиядин Жамалдинов келди