Жириновский Кыргызстан менен соода алакасын үзүүнү сунуштады

Владимир Жириновский

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 9-августта Мамдуманын жыйынында Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Мамдуманын депутаты бул билдирүүсүн Бишкектеги MagicCity балдар оюн-зоок борборунда эсепчи кызды орус тилинде тейлегени үчүн калькулятор менен чаап салган кардарга байланыштуу окуядан кийин айтты.

«Элчи чакыртылсын! Орусиянын Кыргызстандагы элчиси токтоосуз чакыртылсын! Кыргызстан менен коммерциялык байланыштардын баары токтотулсун», — деп талап кылды саясатчы.

Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштурууну сунуштап, ага өзү да катышаарын кошумчалады. Ал митингде Орусиядагы кыргыз мигранттарын депортация кылуу талабы коюуларын дагы айтты.

*Владимир Жириновский Кыргызстанда «персона нон-грата» деп жарыяланган. Бул чечим орус саясатчысы Орусиянын алдындагы карызы үчүн Кыргызстандан Ысык-Көлдү «тартып алууну» сунуштагандан кийин кабыл алынган.

Ал эми Орусиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин 9-августта телеграм-каналында тейлөөчү кызга кол салууга байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына кайрылуу даярдоо чечими кабыл алынганын билдирген.

«Буга чейин да ушундай болгон, орус тили Кыргызстанда расмий тил макамына ээ экенин жана бул жобо өлкөнүн Конституциясында бекитилгенин эске алганда [мындайга] жол берилбеши керек эле. Депутаттар орус тилдүү тургундарга мындай мамиле кылгандарга карата Орусияга кирүүгө тыюу салуу сыяктуу чара көрүү жолдорун иштеп чыгууну сунуштап жатат», — деп жазган Володин.

Володинге чейин 6-августта Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко дагы үн катып, «улуттук жек көрүүнүн шартындагы агрессивдүү аракеттерди айыптабай коюуга болбойт» деп айткан.

«Тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоого өбөлгө болбогон ар кандай, ал тургай улуттук жек көрүүнүн шартындагы агрессивдүү аракеттерди айыптабай коюуга болбойт», — деген элчи.Удовиченко окуяга адекваттуу баа берилиши үчүн кыргыз бийлигине атайын кайрыларын дагы кошумчалаган.

Балдар оюн-зоок борборунда эмне болду эле?

5-август күнү социалдык тармактарда MagicCity балдардын көңүл ачуу борборунда бир адам борбордун кызматкерине кол салганы тартылган видео пайда болгон. MagicCity’нин администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кол салган кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган.

«Бул окуя 2-августта болгон. Баласы менен келген кардарлардын бири мас абалында болгон. Ал стойкага басып келип, кассирге кайрылган, ал аны орус тилинде тейлеп баштаган. Мас адам жини келип аны менен кыргызча гана сүйлөшүүнү талап кылган. Кассир кыз кыргыз тилин жакшы билгендиктен кыргызча сүйлөп баштаган. Бирок кардарга ал да жакпай, кызга асылып, улуттук мүнөздө кемсинте баштаган. Атырылып, коркутканга чейин барган. Бир кезде эле калькуляторду колуна ала коюп, кызды башка чаап жиберген», — деп билдирген Жунусов.

Милиция менен УКМКнын чарасы

Бишкек ШИИБи соода борборунун кызматкерине кол салган кишини таап, окуяны «Майда бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРге каттаганын маалымдаган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок жабырлануучу «ден соолугуна анчейин деле олуттуу зыян тийбегенин айтып медкүбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан». Бирок иш боюнча сот өнүрүшү уланып жатат.

Кийин УКМК кызга кол салган адамга расмий эскертүү берген. УКМК Конституция боюнча орус тили өлкөдө толугу менен мыйзамдын негизинде аракетте экенин: кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили — расмий тил экенин белгилеген.

«Өңү-түсүнө, расасына, улутуна же карманган динине байланыштуу басмырлоо үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган», — деп эскерткен улуттук комитет.

Ошондой эле УКМК бул сыяктуу фактылар болгондо мекеменин төмөнкү номерлерине кайрылууну суранат: 0 (312) 62-05-85, 0 (312) 66-04-75.

Тема боюнча:

Орус тилинде тейлеген кызга кол салуу: Окуяга Орусиянын Мамдумасы үн катты