Орус тилинде тейлеген кызга кол салуу: Окуяга Орусиянын Мамдумасы үн катты

Орусиянын мамлекеттик думасынын кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун атына кайрылуу даярдоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин 9-августта телеграм-каналында билдирди.

Ал Бишкектеги MagicCity балдардын көңүл ачуу борборундагы окуяга тиешелүү. Анда, 2-августта кардарларды орус тилинде тейлегени үчүн нааразы болгон мас адам балдар аянтынын эсепчисине кол салган.

Мамдума эмне деп чечти?

Володиндин айтымында, алар кайрылууда Мамытовдон кызга кол салууга байланышкан ишти жеке көзөмөлгө алууну суранган. Володин Мамдуманын тармактык комитетине тийиштүү тапшырма берилгенин да кошумчалады.

«Буга чейин да ушундай болгон, орус тили Кыргызстанда расмий тил макамына ээ экенин жана бул жобо өлкөнүн Конституциясында бекитилгенин эске алганда [мындайга] жол берилбеши керек эле. Депутаттар орус тилдүү тургундарга мындай мамиле кылгандарга карата Орусияга кирүүгө тыюу салуу сыяктуу чара көрүү жолдорун иштеп чыгууну сунуштап жатат», — деп жазды Володин.

Буга чейин балдардын көңүл ачуу борборундагы окуяга Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко дагы үн каткан.

«Бишкектин балдар борборунун биринде кезектеги турмуштук улутчулдуктун фактысына көңүл бурдум. Мындан терс тенденцияны көргүм келбейт, бирок көңүл бурбай коюу да мүмкүн эмес деп эсептейм. Тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоого өбөлгө болбогон ар кандай, ал тургай улуттук жек көрүүнүн шартындагы агрессивдүү аракеттерди айыптабай коюуга болбойт», — деп жазган элчи 6-августта.

Ал элчилик окуяга адекваттуу баа берилиши үчүн кыргыз бийлигине атайын кайрыларын белгилеген.

Көңүл ачуу борборунда эмне болду эле?

5-август күнү социалдык тармактарда MagicCity балдардын көңүл ачуу борборунда бир адам борбордун кызматкерине кол салганы тартылган видео пайда болгон. MagicCity’нин администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кол салган кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган.

«Бул окуя 2-августта болгон. Баласы менен келген кардарлардын бири мас абалында болгон. Ал стойкага басып келип, кассирге кайрылган, ал аны орус тилинде тейлеп баштаган. Мас адам жини келип аны менен кыргызча гана сүйлөшүүнү талап кылган. Кассир кыз кыргыз тилин жакшы билгендиктен кыргызча сүйлөп баштаган. Бирок кардарга ал да жакпай, кызга асылып, улуттук мүнөздө кемсинте баштаган. Атырылып, коркутканга чейин барган. Бир кезде эле калькуляторду колуна ала коюп, кызды башка чаап жиберген», — деп билдирген Жунусов.

Милиция менен УКМКнын чарасы

Бишкек ШИИБи соода борборунун кызматкерине кол салган кишини таап, окуяны «Майда бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРге каттаганын маалымдаган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, бирок жабырлануучу «ден соолугуна анчейин деле олуттуу зыян тийбегенин айтып медкүбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан». Бирок иш боюнча сот өнүрүшү уланып жатат.

Кийин УКМК кызга кол салган адамга расмий эскертүү берген. УКМК Конституция боюнча орус тили өлкөдө толугу менен мыйзамдын негизинде аракетте экенин: кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили — расмий тил экенин белгилеген.

«Өңү-түсүнө, расасына, улутуна же карманган динине байланыштуу басмырлоо үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган», — деп эскерткен улуттук комитет.

Ошондой эле УКМК бул сыяктуу фактылар болгондо мекеменин төмөнкү номерлерине кайрылууну суранат:

0 (312) 62-05-85, 0 (312) 66-04-75.