Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишимдин уюму (ЖККУ) менен бирге Ооганстандагы абалдын курчуп кетүүсүнө даярдыктарды көрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 12-августта өткөн тегерек столдо билдирди.
«Азыркы учурда Кыргызстандын сырткы коркунучтарынын бири — бул Ооганстандагы талибдер. Алар бир нече аймакты басып алып, КМШнын чек арасына жакындады. Биз алардын күчтөрүнө туруштук беришибиз керек. Албетте биз да даярдык көрүп жатабыз, бирок күчүбүз жетеби? Биз ЖККУнун жардамына үмүттөнүп жатабыз», — деди Иманкулов.
Иманкуловдун айтымында, негизги коркунучту «Талибан»* кыймылы эмес, анын айланасындагы террордук уюмдар жаратат. Алардын ичинде Сирия жана Иракта согушкан «Ислам мамлекетинин»** жоокерлери да бар. Иманкулов согушкерлердин көпчүлүк бөлүгү Борбор Азиядан экенин белгиледи.
*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.
** «Ислам мамлекети» — Ирак жана Сириянын аймагында 2013-2019-жылдары согуш жүргүзгөн террористтик уюм. Аталган уюмдун айрым мүчөлөрү терракт жасоону улантууда. Мындан сырткары, ИМнын көптөгөн тарапташтары дүйнө боюнча жайылган, алар Кыргызстанда да жок эмес.
«Булар дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулгандар, ошентсе да биздин региондон кошулгандар көбүрөөк. Булар Афганистандын түндүк провинциялардын ээлеп, машыгып, башкаларды үгүттөп жатышат. Ушунун баары бизге агылышы мүмкүн. “Талибандын” өзү келбейт, кыймылдын максаты — бийлигин Ооганстанда орнотуу. Бизге анын тегерегиндеги террордук уюмдар кириши мүмкүн», — деп эсептейт Иманкулов.
Коопсуздук кеңештин катчысы Борбор Азияга коркунуч жараткан террорчулар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес, «мамлекеттин күчүн гана каршы коё алабыз» деп билдирди. Иманкулов улуттук коопсуздук кыргызстандыктардын ынтымагынан көз каранды экенин, болбосо мамлекеттик органдардын күчү жетишсиз болорун кошумчалады.
Ооганстанда эмне болуп жатат?
«Талибан» экстремисттик кыймылы 2021-жылдын май айынан тарта Ооганстандын аймактарын басып ала баштаган. Ал убакытта «Талибан» менен күрөшкөн НАТО аскерий-саясий уюмунун аскерлеринин көп бөлүгү өлкөдөн чыгарылып кеткен. АКШнын президенти Жо Байдендин айтымында, НАТОнун күчтөрү Ооганстандан 11-сентябрга чейин толугу менен чыгарылат.
«Талибандын» өкүлдөрү алар Ооганстандын 80%ын басып алганын билдирген, бирок расмий бийлик бул билдирүүлөрдү четке кагып келет. Ал эми Бириккен улуттар уюмунун июндагы эсептөөлөрү боюнча, Ооганстандын 50%-70% аймагы экстремисттик кыймылдын көзөмөлүнө өттү.
Мындан улам миңдеген ооганстандыктар коңшу өлкөлөрүнө качып өтүүдө — алардын арасында өкмөттүк жоокерлер да бар.
«Талибан» кыймылы Борбор Азияга да коркунуч жаратышы мүмкүн деп айтылууда, анткени Ооганстан Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Террористтик уюмдун согушкерлери чек арадагы бир нече өткөрмө пункттарды басып алышкан.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов чек арага аскерий техника тартып, жалданма аскерлерди да колдонууну көздөп жатат. Ал эми Өзбекстандын бийлиги жоокерлерин даярдыгын текшерип, жакынкы арада аскерий окуулар болорун жарыялаган.
Ал арада Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасына резервде болгон 20 миң аскерди кайрадан мобилизациялаган. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан «Талибан» менен күрөшүүгө Тажикстанга жардам берерин билдирген — эки өлкө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөлөрү.