Ташиев: Кыргызстан «Талибанга» каршы Тажикстанга жардам берет

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйында Ооганстандагы «Талибан» террористтик уюму Кыргызстанга да коркунуч жаратып жатканын билдирди.

«Биздин өлкөгө да коркунуч бар, себеби Өзбекстан жана Тажикстанга кирип келген качкындар жакынкы арада биздин аймакта да болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биз, Борбор Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу мындай коркунучтарга даярданып жатабыз», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев НАТО аскердик-саясий уюму Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенине байланыштуу «Ислам мамлекети», «Жамаат ат-Таухид валь-Джихад» жана «Түркстан ислам кыймылы» өздөрүнүн ишмердүүлүгүн Борбор Азияга багыттаганын кошумчалады. Аталган уюмдар Кыргызстанда террористтик деп таанылган.

Ал эми журналисттердин бири Ташиевден мындай кырдаалда Кыргызстан Тажикстанга аскерий жардам көрсөтөбү деген суроону узатты.

«Албетте, биз ЖККУнун алкагында иштешибиз керек. Себеби Ооганстан бардык Борбор Азиялык мамлекеттерге сырткы коркунуч жаратып жатат», — деп кыскача жооп берди Ташиев.

*ЖККУ — Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму, Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий бирикме. Ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Беларусь мүчө.

Буга чейин Тажикстандын ЖККУдагы өкүлү Хасан Султонов «Талибандын» аскерлери Ооганстан аймакатрын басып жатканына байланыштуу тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө өнөктөштөрдөн жардам сураган. Учурда Ооганстандын өкмөттүк аскерлери «Талибан» менен согушуп, 1 500гө чукул ооган жоокери Тажикстандын аймагына чегинген.

«Аймакта жаралган кырдаалды жана Ооганстан менен чектешкен чек аранын айрым участкалары оңой менен жете албаган тоолуу аймакта экенин эске алганда, бул маселени жалгыздап чечүү мүмкүн эмес. Мындай кырдаал ЖККУнун алкагындагы адекваттуу реакцияны талап кылууда. Анын ичинде түштүк аймактарды коргоо боюнча күчөтүлгөн чараларды көрүү керек», — деген Султонов.

Ооганстанда абал 2021-жылдын май айынан тартып курчуп баштаган. Буга 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жатканы себеп болду.