УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун эки активдүү мүчөсү кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Эл аралык террористтик уюмдун 38 жаштагы активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-декабрда маалымдады. Кармалган шектүү Баткен облусунун Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган шектүүнү тинтүү учурунда анын жанынан ок-дарылары менен курал, байланыш каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылган. Далил буюмдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

«ЭТУнун мүчөсү уюмдун чет өлкөдөгү башчысынын көрсөтмөсү боюнча Сириядагы жаңжал чыккан аймакка жалдоочуларды тартуу максатында интернет аркылуу террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялап иш алып барып жүргөн», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Мындан сырткары, атайын кызмат мындан төрт күн мурда да Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү делген кыргызстандык кармалганын маалымдаган. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө кармалган тургун Сирияда согуштук даярдыктан өтүп жана ЭТУ катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышканы аныкталган. Кармалган адам УКМК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилген.

Булардын бардыгы Эл аралык террористтик уюмдардын жашыруун ячейкаларын жок кылууга багытталган контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган.