Бир кадр менен: Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

Президент Садыр Жапаров 13-августта коронавируска каршы Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи дозасын алды. Жапаров бул жолу дагы вакцинанын биринчи дозасын алган «Бишкек Парк» соода борборунда эмделди.

Садыр Жапаров Sinopharm вакцинасынын экинчи дозасын алып жатат. Сүрөт: АКИpress. 

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы Жапаров антителолорунун көрсөткүчү жогору болгондуктан эмдөөдөн өтпөгөнүн билдиришкен.

Андан кийин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы ушул эле версияны айтып чыккан. Анда ал, эгерде президенттин антителолорунун көрсөткүчтөрү азайса, анда ага эмдөө алууну сунуштаарын кошумчалаган.

Кыргызстан боюнча эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок 12-июлда гана, өлкөгө Sinopharm кытай вакцинасынын экинчи партиясы алып келингенден кийин активдүү фазага кирген.

Sinopharm келгенден кийин дароо эле президент бардык маморгандарга — ведомстволордон тартып айыл өкмөттөргө чейин кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү тапшырган. Аны менен катар, өлкө боюнча 900гө жакын эмдөө түйүнү ачылган. Анда каалоочулардын бардыгы акысыз эмделет.

Учурда кыргызстандыктарга вакцинанын үч түрү жеткиликтүү: Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13-августка карата өлкө боюнча 600 миңдей адам вакцинанын биринчи дозасын, 200 миңден ашык адам экинчи дозасын алды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 171 238 учуру катталды. Ошондой эле бул убакыт аралыгында COVID-19 менен ооруган 2,433 бейтап көз жумду.

Тема боюнча:

Организмде антитело бар болсо эмдөө алуу керекпи? Президент Жапаровдун мисалында айтып беребиз

Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз