Минкаб Кыргызстанда учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүүнү пландоодо

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «“Шумкар” транс улуттук корпорациясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Ал учкучсуз учуучу аппараттардын системасын өндүрөт.

Корпорацияны Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду (ММБФ) түзөт, ал эми уставдык капиталы 100 миң сом болот.

ММБФга президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте «коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө» менен, келишимдин акысыз пайдалануу шарттарында, «Шумкар» корпорациясын жайгаштыруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу маселеси тапшырылды.

Ал эми экономика министрлигине парламенттин бюджет жана финансы комитети менен макулдашып, корпорациянын уставдык капиталын түзүү үчүн акча издеп таап жана бөлүп берүү тапшырмасы берилди.

«Эң башкысы, башталган иш кагаз бетинде калбашы керек»

Парламенттин депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, минкабдын учкучсуз учуучу аппараттарды өндүрүү демилгеси «туура».

«Учкучсуз учуучу аппараттар системасы жок чек арабызды коргоо кыйын болот. Кошунабыз агрессия* көрсөткөн учкучсуз учуучу аппараттарга абдан эле муктаж экенибизди көрдүк», — деп эсептейт эл өкүлү.

*Бекешев кошунабыз агрессия көрсөткөндө деген ою менен Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен облусундагы куралдуу жаңжылын айтат. Жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган. Эки өлкө жаңжалдын башталышына бири бирин айыптап, оор беренелер боюнча кылмыш иштерин козгошкон.

Жаңжалда кыргыз тараптан 36 адам каза таап, 190у жабыркаган. Ал эми тажик тарап 19 адам каза болуп, 84 адам жарадар болгонун билдирген.Кыргызстандын бийлиги «Тажикстан тараптан аскерий агрессия» болгонун расмий жарыялаган эмес жана болуп өткөн окуяны «чек ара жаңжалы» катары мүнөздөп келет.

Бирок Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жаңжал соңуна чыккандан кийин Тажикстандын аскерлерин тынч жарандарга карата агрессия кылган деп айыптап, тажик тараптын куралдуу күчтөрү «Кыргызстандын куралы жок тынч жарандарына атайылап ок атканын» белгилеген болчу.

Бирок эл өкүлүнүн Кыргызстанда инженер, техник жана керектүү адистер бар экенине көзү жетпейт.

«Түшүнгөнүмө караганда аппараттар башка өлкө менен биргеликте чыгарылат. Андай болсо да жаман эмес: биздикилер тажрыйба алып, андан соң учкучсуз аппараттарды өз алдынча тейлей беришет. Эң башкысы, башталган иш кагаз бетинде калбашы керек», — деп жазды Бекешев фейсбук барагында.

Башкы бетте иллюстративдүү сүрөт.