Ооган качкындары өлкөгө «улуттук кызыкчылыкты эске алуу» менен кабыл алынары айтылды

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кайрылмандар жана качкындар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова Kaktus.media’га маек куруп, Ооганстандан келген качкындарды кабыл алуу тууралуу айтып берди. БУУнун маалыматына караганда, миңдеген оогандыктар өлкөдө бийликти басып лаган «Талибан»* согушкерлеринен качып чыгууда.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Мамбетованын айтымында, Кыргызстан 1996-жылдан бери БУУнун качкындар иши боюнча Конвенциясынын мүчөсү болуп эсептелет, ошондуктан республика качкындарды кабыл алууга милдеттүү.

«Учурда Кыргызстанда 73 ооган жаранынын качкын макамы бар, дагы 67си өтүнмө берип, чечим күтүп жатат. Ооганстандагы жакында эле болгон окуядан кийин качкындардын агымы күчөйт деген божомолдор бар. Бирок Өзбекстан менен Тажикстанда алар, албетте, көп болот. Эгерде Тажикстан бизге чек арасын ачса, Ооганстандын жарандарын кабыл алышыбыз керек болот», — деди ал.

Бирок Мамбетова Ооганстандан качкындарды кабыл алуу маселесинде «биринчи кезекте улуттук коопсуздук кызыкчылыктары эске алынарын» баса белгиледи.

«Так санын айта албайм, бирок 1200гө чамалуу качкынды кабыл ала алабыз [...] Чет элдиктер өтүнмө бергенден кийин аларга качкын макамын берүү маселеси 6 айдан бир жылга чейинки аралыкта чечилет», — деп билдирди ал.

Мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан ооган студенттерине 500 виза берүүгө даяр экенин айткан.

Ошол эле учурда, Ташиев Кыргызстанда билим алууну каалаган ооган студенттери өлкөгө келүү, турак жай табуу, университетти тандоо жана анын акысын төлөө маселелерин өз алдынча чечиши керек экенин белгиледи. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жана ЖОЖдор жайгашууга жана туура университет тандоого консультациялык жардам көрсөтөт.

Чек араны жаппай качкындарга жардам берүү

13-августта БУУ Ооганстанга коңшулаш өлкөлөрдү «Талибандын» согушкерлеринен качып кутулуп жаткан качкындар үчүн чек араларды жаппай турууга чакырган.

«Адам курмандыгынын саны кескин өсүп жатат. БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясы эскерткендей, өлкөдө конфликтти олуттуу деэскалация кылмайын жарандык калктын арасында курман болгондордун саны боюнча бир жылдык антирекорд коюлат — БУУнун байкоо салып келе жаткан бардык мезгили боюнча. Биз айрыкча кырдаалдын аялдар менен кыздарга таасир этип жатканына кабатырбыз. Майдын аягынан баштап ооган качкындарынын 250 миңи — аялдар менен балдар болууда», — деп билдирген ошондо БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын расмий өкүлү Шабия Манту.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын расмий өкүлү Томсон Пхири болсо Ооганстандагы кырдаалды «гуманитардык катастрофанын бардык белгилери бар» деп сыпаттаган.

БУУнун маалыматына караганда, Ооганстанда тамак-аш жетишсиздиги күч: өлкөнүн ар бир үчүнчү адамы ачарчылыкты башынан кечирип жатат.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты. Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

ВВС басылмасынын маалыматына караганда, бир катар өлкөлөрдүн чет элдик элчиликтери өкүлдөрү менен дипломаттарын Кабулдан эвакуациялай башташты.

Ошондой эле, ВВС талибдер июль айынын башында эле бүткүл өлкө боюнча 90 провинцияны өз көзөмөлүнө алганын, көп өтпөй августтун ортосунда 345 провинция согушкерлердин карамагына өткөнүн жазган. Анын ичинде республиканын борбору Кабул дагы бар. Сентябрдын ортосуна чейин АКШ өлкөдөгү аскерлерин толугу менен чыгарып кетиши керек.

Тема боюнча:

Ташиев: Кыргызстанда окууну каалаган ооган жаштарына кошумча 500 виза берилет

Ооганстан: «Талибан» Кабулду көзөмөлгө алды, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти

Иманкулов: «Талибандын» тегерегиндеги террордук уюмдар бизге кириши мүмкүн