Ташиев: Кыргызстанда окууну каалаган ооган жаштарына кошумча 500 виза берилет

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз бийлиги өлкөдөгү жогорку окуу жайларда билим алган ооган студенттерине виза берүүнү улантып, кошумча дагы 500 студентке чейин кабыл алууга даяр экенин билдирди. Ташиевдин билдирүүсүн атайын кызматтын басма сөз кызматы 16-августта таратты.

Ташиев Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалга өзгөчө тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал «Ооганстан үчүн жоопкерчиликти алган саясий күчтөр» («Талибан» кыймылы — редакция) сүйлөшүүлөргө келип, «өз элинин кызыкчылыгы үчүн абдан маанилүү компромисске барат» деген ниетте.

«Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандарган нерсе — бул ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу эле заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн керек болгон кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз», — деди Ташиев.

УКМКнын башчысы Кыргызстанда билим алууну каалаган ооган студенттер өлкөгө келүү, турак жай табуу, университетти тандоо жана анын контрагын төлөө маселелерин өз алдынча чечиши керек деп билдирди. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жана ЖОЖдор жайгашууга жана туура университет тандоого консультациялык жардам көрсөтөт деп белгиледи Ташиев.

Ошондой эле ал Ооганстандын бийлигине кайрылып, Кыргызстанга окууну каалаган студенттерге өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырды.

Ташиев мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ооган студенттерине виза берүүнү сунуштагандан кийин жасады.

Ооганстанда эмне болуп жатат?

15-августта Ооганстандын Ички иштер министрлиги «Талибан» кыймылынын Кабулга чабуул жасоого даярданып жатканын кабарлап, борбор калаа талибдерге тынчтык жолу менен өткөрүлө турганын билдирген. Ал эми «Талибандын» жетекчилиги Кабулдан чыгып кетүүнү көздөгөн тургундар тоскоолсуз кете алышат деп ишендирген.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.

Ошол эле күнү талибдер Кабулдагы президенттик сарайды басып алгандан кийин Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Гани үй-бүлөсү менен Ташкентке учуп барды.

Ал арада Ооганстандын миңдеген жарандары өлкөдөн чыгууну көздөп жатышат. Учурда АКШ, Сауд Арабия жана Германия өзүнүн дипломаттарын эвакуациялады.

Ал эми Орусия жана Кыргызстандын элчиликтери Кабулда калышты. Кыргызстандын ТИМи Ооганстандагы элчилик адатагыдай ишин улантып, кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды мекенине эвакуациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын кабарлады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ооганстан: «Талибан» Кабулду көзөмөлгө алды, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти

Иманкулов: «Талибандын» тегерегиндеги террордук уюмдар бизге кириши мүмкүн