Таш-Көмүрдө 43 жаштагы аял киши колдуу болду. Кылмышты 38 жаштагы аял мойнуна алды

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жашаган 38 жаштагы аял киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы 16-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-августта саат 13:15 чамасында Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 43 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Ыкчам тергөө тобу анын киши колдуу болгонун аныктаган.

Аталган факт КЖБРге «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 38 жаштагы аял кармалган. Алгачкы сурак учурунда кылмышты мойнуна алып, бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген.

«Мындан сырткары, шектүү маркумга таандык болгон алтын буюмдарды алып келип берген. Учурда окуя боюнча кылмыштын себептерин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди Жалал-Абад ОИИБиден.

Шектүүнүн бөгөт чарасы Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан каралып, соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Турмуш» басылмасы жергиликтүү тургундарга таянып, маркум жана шектүү Таш-Көмүр шаарынын базарында мөмө-жемиш сатып эмгектенишкенин маалымдады. Маркумдун артында эки баласы калды. Ал эми шектүүнүн 5 баласы бар.