Ооганстан. ЖККУ тажик-ооган чек арасында аскерлерди окутууга даярдык көрө баштады

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы (ЖККУ) Станислав Зась «Талибан» кыймылынын согушкерлери* Ооганстанды басып алып, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин билдирүү таратты.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Анын айтымында, «Талибандын» Ооганстанды көзөмөлдөгөнү «Борбор Азия аймагындагы кырдаалга кыйла таасир этип», андан сырткары абдан тынчсыздантат.

«ЖККУ тажик-ооган чек арасында кырдаалдын өнүгүшүнө көз салып жатат. Азыркы түзүлүп жаткан шарттарда Уюмдун башкы максаты ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо», — деп билдирди ал.

ЖККУнун башкатчысы уюм саясий-дипломаттык багытты кармануусун уланта берерин белгиледи. Бирок Ооганстандын түштүгү менен чектешкен Тажикстанга кооптуу жагдай жаралса өнөктөш мамлекетке жардам көрсөтүү үчүн атайын документтерде бекитилген бардык чаралар көрүлөт.

ЖККУнун курамына Тажикстандан тышкары Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения жана Беларус кирет.

Зась Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода менен да сүйлөштү. Анын айтымында, Тажикстандын күч орган кызматкерлери чек арадагы абалды көзөмөлдөп жатышат жана ЖККУну аракетке киргизүүнүн зарылдыгы жок.

«ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн машыгууларына даярдык башталды. Ал жакынкы айларда тажик-ооган чек арасына жакын аймакта өтөт»,— деп кошумчалады башкатчы.

Ошондой эле, Зась сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУ Кеңешинде талкуулануучу негизги маселелердин бири — Ооганстандагы кырдаал экенин билдирди.

Буга чейин Тажикстан «Талибанга» байланышкан кырдаалдан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган. Мындай билдирүүнү Тажикстандын ЖККУдагы өкүлү Хасан Султонов 7-июлда айтып чыккан.

Анда Султонов Ооганстандын өкмөттүк аскерлери «Талибандын» согушкерлери менен тирешкендиктен 1 500 ооган аскери Тажикстандын аймагына чегингенин билдирген болчу.Тажикстандын бийлиги Кабул басып алынганга чейин дагы ооган аскерлери менен «Талибан» согушкерлеринин кагылышуусуна реакция кылган.

Июлдун башындаТажикстан өлкөнүн түштүгүндөгү Ооганстан менен чектеш аймактарында чек арасын бекемдеген. Тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоо тапшырмасын берген.

ЖККУдан сырткары, Ооганстанга колдоо көрсөтүү боюнча Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев пикирин билдирген. Ал 8-июлдагы басма сөз жыйында, Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү катары Ооганстанга көмөк көрсөтүүдө биргелешкен аракеттерди көрөт жана «кандай болбосун» жардам көрсөтөрүн билдирген.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

Бул маалыматтын шартында, бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген. Мындай тапшырманы Жапаров ТИМге берип, Ооганстандагы кыргызстардын коопсуздугун камсыздоону дагы буйруган.

Тема боюнча: Иманкулов: «Талибандын» тегерегиндеги террордук уюмдар бизге кириши мүмкүн