Чек ара кызматы өлкөгө ооган качкындары келди деген маалыматты төгүндөдү

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы Кыргызстанга «Талибан» кыймылы тарабынан басып алынган* Ооганстандын аймагынан качкындар келбегенин билдирди.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

Чек ара кызматынан интернетте качкындар келди деп жайылтылып жаткан маалымат туура эмес экенин билдиришти. Ведомстводон аталган өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Ооганстандагы окуяларга, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен болгон чек ара абалына көз салып жатышканын айтып ишендиришти. Бул өлкөлөр Ооганстан менен түз чектешет.

«Коопсуздук үчүн чек аранын кыргыз-тажик-өзбек тилкесинде убактылуу чек ара посттору коюлду. Чек ара кызматы башка күч түзүмдөрү менен бирге пландалган чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат», — деп билдиришти кызматтан.

Кыргызстандын интернет сегментинде оогандык качкындар тууралуу маалымат «Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстанды басып алган шартта тарай баштады. Оогандыктар өлкө басып алынгандыктан улам мекенинен чыгып кетүүгө аракет кылышууда.

16-августта Ооганстандын борбору Кабул согушкерлердин көзөмөлүнө өткөндө миңдеген адамдар аэропортко бет алып, АКШ аскерлерин ала кетүүсүн суранган. Кийин америкалык учак Кабулдан 600дөн ашуун адамды алып чыкканы белгилүү болгон.

Бул маалыматтын жана Чек ара кызматынын билдирүүсүнүн шартында Пакистандын Кыргызстандагы Студенттер федерациясы кайрылуу жасады. Федерация фейсбук барагында акыркы убактарда интернет колдонуучулары Бишкектеги пакистандыктарды Ооганстандын жарандары менен байланыштырып маалымат таркатышууда деп билдирди.

«Өлкөнүн бардык жашоочуларын чет элдик жарандарга карата терс мамиле кылуудан оолак болууга чакырабыз. Ал адамдар студенттер эмес, алар 15 күн карантинде болушат, андан соң Дубай жана башка тиешелүү өлкөлөргө учуп кетишет. Айрым адамдар улуттук кийим кийген пакистандыктар коомго коркунуч жаратат деп ойлошот экен», — деп айтылат кайрылууда.

Алар Кыргызстанда жашап жатканына 20 жылга чукулдаганын жана бул убакта зыян тийгизбегенин белгилешкен. Мындан тышкары, пакистандыктардын кыргызстандыктардын арасында дагы достору бар.

«Кыргызстандын өкмөтү аларга өлкөдө калууга уруксат берди. Чет элдик студенттер бул жакка татыктуу билим алуу жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн келет. Айрым адамдардын терс мамилесине карабай, биз эч качан доомат кылбайбыз жана тескерисинче ушул мамлекеттен билим алып жатканыбыз үчүн өлкөнү жана анын элин сыйлайбыз жана жакшы көрөбүз».

Ооганстандын басылып алынышы

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды басып алганы тууралуу 16-августта белгилүү болгон. Анда талибдер өлкөнүн көпчүлүк провинцияларын басып алып, борбор калаа Кабулга киришкен.

Ооган президенти Ашраф Гани ыйгарым укуктарынан баш тартып, өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон, ал азыр Бириккен Араб Эмираттарында.

Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

Ооганстан талибдердин карамагына өткөндөн кийин бир катар өлкөлөр Кабулдан элчилери менен элчиликтеги кызматкерлерин эвакуация кыла баштаган.

Өз жарандарын эвакуация кылуу тапшырмасын президент Садыр Жапаров дагы берген. Бүгүнкү күнгө карата кыргыз бийлиги Ооганстандан 24 жаранды эвакуациялады.