Ооганстан. Жапаров кырдаалга көз салууда, ал кыргыз жарандарын эвакуациялоону тапшырды

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров «Талибандын»* жоочулары Кабулду басып алгандан кийин Ооганстанда түзүлгөн «кырдаалга тыкыр көз салып турганын» билдирди.

*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган.

«Мамлекет башчысы УКМК, Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы жана ТИМ аркылуу саат сайын тиешелүү маалыматтарды алууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров мамлекеттик органдарга Ооганстанда түзүлгөн кырдаалдын өнүгүшүнө ар тараптан мониторинг жүргүзүүнү улантууну тапшырды. ТИМге Ооганстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар менен дайыма байланышта болуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү жана мекенине тез арада эвакуациялоо маселеси коюлду.

Президент маморгандарга коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактык коопсуздукту камсыздоо жана бекемедөө боюнча ишти баштоону дагы тапшырды.

Президенттен тышкары Ооганстандагы кырдаал боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дагы үн каткан. Ал кайрылуусунда Кыргызстан ооган студенттерине 500 виза берүүгө даяр экенин айткан.

Ошол эле учурда, Ташиев Кыргызстанда билим алууну каалаган ооган студенттери өлкөгө келүү, турак жай табуу, университетти тандоо жана анын акысын төлөө маселелерин өз алдынча чечиши керек экенин белгиледи. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги жана ЖОЖдор жайгашууга жана туура университет тандоого консультациялык жардам көрсөтөт.

Мурда, «Талибан» кыймылы Ооганстанды басып алганга чейин эле Ташиев ооган өлкөсүндөгү кырдаал Кыргызстан үчүн да коркунуч жаратарын айткан болчу. Ага ылайык, атайын кызматтын төрагасынын айтымында, коркунучту алгач Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасын басып өтүп, андан соң Кыргызстандын аймагына кирип келүүчү качкындар жаратат.

«Талибан» жоочуларынын Оганстанды басып алуусу

«Талибан» радикалдуу кыймылынын жоочулары Оганстанды жана анын башкалаасы Кабулду басып алуу аракетин май айынан тартып августка чейин бир нече ай улантышты. Талибдердин чабуулу 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жаткан шартта башталган.

16-августта «Талибандын» жоочулары президенттин Кабулдагы сарайын басып киргени, ал эми ооган президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.

ВВС басылмасынын маалыматына караганда, бир катар өлкөлөрдүн чет элдик элчиликтери өкүлдөрү менен дипломаттарын Кабулдан эвакуациялай башташты.

Ошондой эле, ВВС талибдер июль айынын башында эле бүткүл өлкө боюнча 90 провинцияны өз көзөмөлүнө алганын, көп өтпөй августтун ортосунда 345 провинция согушкерлердин карамагына өткөнүн жазган. Анын ичинде республиканын борбору Кабул дагы бар. Сентябрдын ортосуна чейин АКШ өлкөдөгү аскерлерин толугу менен чыгарып кетиши керек.

Тема боюнча:

Ташиев: Кыргызстанда окууну каалаган ооган жаштарына кошумча 500 виза берилет

Ооганстан: «Талибан» Кабулду көзөмөлгө алды, президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти

Иманкулов: «Талибандын» тегерегиндеги террордук уюмдар бизге кириши мүмкүн