Юристтер президентке мыйзамдарды «шаша-буша» инвентаризациялоо кооптуу экенин эскертишти

Юристтер жана коомдук ишмерлер президент Садыр Жапаровдон республиканын мыйзамдарын инвентаризацияоо процессин токтотууну суранып жатышат.

Дал ушундай кайрылуу менен алгач Юстиция министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү, андан соң жарандык коомдун 95 уюму — активисттер, юристтер, укук коргоочулар чыгышты.

Алар ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгуу муктаждыгы бар дешет: 30 жылда мыйзамдарда көптөгөн карама-каршылыктар топтолгон. Бирок азыркыдай кылбаш керек: мамлекеттик ишмерлер президенттин инвентаризациялооо тууралуу жарлыгына туура эмес түшүнүк берип жатышат.

Жапаров 31-декабрга чейин мыйзамдардагы карама-каршылыктар менен дал келбестиктерди алып таштоо тууралуу сунуш киргизүүнү гана токтом кылган.

Тема боюнча: Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?

А бирок мыйзамдарды талдагандан тышкары шашылыш кайра жаза башташты — президентке кайрылгандардын айтымында, айрым чиновниктер процессти тездетип, ал тургай мыйзамдарды 1-сентябрга чейин кайра бычып чыгууну талап кылышууда.

Ошол эле учурда жумурай журтка бул кандай жасалып, эмне өзгөртүлүп жатканы белгисиз. Мунун баары, өлкө президентине кайрылгандардын пикиринде, анын идеясынын маңызын бузууда жана ал мамлекетке зыянын тийгизиши мүмкүн. Инвентаризациянын төмөнкүлөрү дагы маселе жаратат:

Чукул мөөнөт, шашылыш темп

Инвентаризациянын чукул аралыкта өткөрүлүп жатышы юристтерде «чоң суроо жаратып, кооптондурууда».

«Инвентаризация жүргүзүүчү эксперттик жана анын алдындагы эксперттик топтордун курамы жана ведомстволор аралык эксперттик топтун иш планы июнда бекитилген, ал эми иш жүзүндө алар мыйзамдарды баалоого үстүбүздөгү жылдын июль айында араң киришти. Ага карабай, тиешелүү мамлекеттик органдар эксперттерди шаштырып, өздөрү да баалоого ашыгып жатат», — деп белгилешет юристтер.

Ошол эле кезде айрым маморгандар мыйзамдарды баалоо жакын арада толугу менен аягына чыгып калышы керек деп көшөрүүдө. Анын үстүнө алар мыйзамдарды «башынан эле күтүлүп жаткан сапаттуу жыйынтык менен инвентаризациянын мүдөөсү менен максаттарына жетүү үчүн жетишсиз» мөөнөттө кайра жазып же жаратууну талап кылышууда.

Президенттин Жарлыгын туура эмес чечмелөө

Юстиция министрлигинин коомдук кеңешинин пикиринде, маморгандар «2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыкты туура эмес чечмелешип жана колдонуп жатышат».

«Анда 2021-жылдын 31-декабрына чейин мыйзамдардагы карама-каршылыктар менен дал келбеген учурларды жоюуга багытталган сунуштарды гана бергиле деп айтылган. Бул мөөнөткө чейин жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыккыла же кабыл алгыла деп айтылган эмес», — деп белгиленген юристтердин кайрылуусунда.

Мыйзамдарды «шаша-буша» талдоо

Юстиция министрлигинин коомдук кеңешиндегилер мыйзамдарды инвентаризациялап жана кайра бычып жаткандар көп жерден мыйзамдагы өзгөртүүлөр түзддөн-түз тиешелүү болушу мүмкүн адамдар менен эсептешпей жатканын белгилешүүдө.

«[...] Салыштырмалуу чакан топтор, кээде айрым адамдар, (эксперт же/жана маморгандардын кызматкери болобу) айтор, мыйзамдарды “шаша-буша” баалап, алардын күчүн жоготууга же кайра бекитүүгө сунуштамаларды берип жаткан жагдай жаралды. Ошол эле кезде толук кандуу талдоо жүргүзүүгө, бул же тигил мыйзамдын күчү жайылган тармактын өкүлдөрү менен, тигил же бул мыйзамды теорияда эмес, иш жүзүндө кездештирип жүргөндөр менен баалап жана сунуштарды текши карап, талдап, иштеп чыгууга жетиштүү убактылары менен мүмкүнчүлүктөрү жок», — деп түшүндүрүшөт юристтер.

Ошондуктан мыйзамдарды баалоонун жыйынтыгы «көп учурда өтө субьективдүү, үстүртөн жана тийиштүү деңгээлде негизделбеген» болуп чыгууда.

«Ал тургай, бир эле мыйзамга карата ар башка эксперттер тарабынан даярдалган сунуштар менен баалоолор бири-биринен абдан эле айырмаланып калган учурлар дагы кездешип жатат», — деп белгилешет алар.

Тема боюнча: Өлкөдө көптөгөн мыйзам жокко чыгарылып, жаңылары кабыл алынганы турат. Эмне болууда?

Жарандык коомдун уюмдары мыйзамдарды инвертаризациялоодогу өзгөртүүлөр кеңири коомдук талкууга коюлушу керек жана чиновниктер бул процессте коомдун пикирине кулак салышы керек деп эсептешет.

Эл көзүнө инвентаризациялоо

Андан тышкары, юристтер мыйзамдарды инвентаризациялоо Башкы прокуратура менен парламент ишке ашырып жаткан республиканын мыйзамдарын алмаштыруу менен бир убакытта өтүп жатканын белгилешкен.

«Мыйзамдарды баалоодо бул эске алынган жок, ошентсе да ага олуттуу таасир этиши мүмкүн. Эгерде жаңы кодекстер менен конституциялык мыйзамдын жоболорун эске албай баалоо жүргүзсө, анда кийинчерээк ал туура эмес же актуалдуу болбой калышы мүмкүн», — деп эскертишет юристтер.

Анын ичинде инвентаризациядан өтүп жана талданып жаткан мыйзамдар да өзгөрүп жатат.

«Бул дагы инвентаризациялоо процессин татаалдантат жана маанисин жокко чыгарат, анткени кайсыл бир мыйзамга өзгөртүү киргизилсе анын талдоосу менен балоосу маанисин жоготот же туура эмес/актуалдуу болбой калат», — дешет адистер.

Алар эгерде инвентаризация азыркыдай эле багытта улана берсе, анда ал «формалдуулукка гана айланып, максаты менен мүдөөсүнө жетпей калат» деп ойлошот.

Укуктук коллапса жана адам укуктарын бузуу

Юристтердин эң башкы кооптоонуусу — азыркы абалындагы мындай формалдуу инвентаризация «мыйзамдагы кырдаалды ого бетер оорлотуп коюшу» мүмкүндүгүндө.

«Эмесе, мисалы, кайсыл бир мыйзам жаңылыштык менен күчүн жоготууга сунушталып кетиши мүмкүн, айрым учурдарда ушундай болуп да жатат, же болбосо укуктук коллапска алып барган кандайдыр бир башка катачылыктар кетип, кимдир бирөөнүн укугу бузулушу мүмкүн, Конституцияны же эл аралык милдеттер аткарылбай калган же башка негативдүү кесепеттер болушу ыктымал», — деп эскертишет юристтер Жапаровго.

Жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү дагы шашылыштык болуп жаткандыктан экриндик жана укуктар бузулат деп кооптоонушууда.

«Мындай шашылыш иш-аракеттер коркунучтуу юридикалык боштуктарды жана коллизияларды жаратат, бул адам укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна, коррупциянын деңгээлинин жогорулашына жана бийлик органдарынын өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусуна алып келет», — деп айтылат жарандык коом уюмдарынын билдирүүсүндө.

Президент Жапаровго юристтер менен жарандык коом кандай сунуштарды айтып жатат?

Кыскача айтсак — мыйзамда жаңы карама-каршылыктар жаралбаш үчүн шашылбоону жана катардагы жарандарды мыйзамдарды жакшыртууга аралашууга мүмкүндүк берүүнү сунуштап жатат.

Алар Садыр Жапаровго төмөнкү сунуштарын айтып жатышат:

  • инвентаризация аягына чыкканга чейин бардык деңгээлде Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялоо. Же болбосо жаңы кодекстер менен конституциялык мыйзамдар кабыл алынып бүткөнчө инвентаризацияны токтото туруу;
  • долбоорлордун ченемдик актылары www.koomtalkuu.gov.kg порталында мыйзамдарды баалоо жана талдоону коомдук талкуудан өткөрүүнү уюштуруу

«Порталда кызыктар адамдардын кеңири тобунун комментарийлери менен сунуштарын чогултууга болот жана мыйзамдарды жакшыртууга жарандарды аралаштырууга шарт түзөт», — деп белгилешет жарандык коомдун уюмдары.

  • жарандык коом, юристтер, бизнес коомчулугу менен юстиция, экономика жана финансы министрлигинин жана президенттик администрациянын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүү. Ошондой эле чиновниктердин калктын сунуштарын кулак сыртынан кетирбешине көз салуу;
  • мыйзамды баалоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюуга берилген мөөнөттү 2021-жылдын 31-декабрына чейин узартуу.

Юстиция министрлигинин коомдук кеңеши белгилегендей, бул «сунуштарды акылга сыя тургандай кылууга жана обьективдүү жана негизделген баалоо менен сунуштарды кабыл алууга жетиштүү кылуга, ошондой эле мындан ары сапаттуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жардам берет».

  • мамлекеттик органдарга инвентаризация процессин «ачык-айкындуулук принциби менен, коомчулуктун пикирин эске алуунун» негизинде алып барууну тапшыруу.