Иликтөөчү журналисттер ПЧР-тесттердин жасалма жыйынтыгын саткандарды аныктады

«Али Токтакунов МедиаХабы» журналист Мээрим Сырдыбаева менен биргеликте ПЧР-тесттерди жасалмалап саткандар тууралуу иликтөө жарыялады. Анда чет өлкөгө чыгуу үчүн коронавирус менен оорубаганын тастыктаган лабораториялык аныктамалар 500 сомдон баштап 100 АКШ доллларына чейин сатылганы ачыкталган.

«Бонецкийдин» ПЧР-тесттин жасалмалаган «Бека Малыш»

Алгач журналист Мээрим Сырдыбаевага Орусиядан жасалма ПЧР-тест менен келген таанышы кайрылып, ушул маселени териштирип көрүүнү сунуштаган. Сырдыбаева бул маалыматты текшерүү үчүн Чүйдөгү «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетине барган.

Журналист бекеттин жанында турган кишилерге кайрылып, «аз мурда коронавирус менен ооруганын», бирок тез арада чет өлкөгө чыгуу үчүн «коронавирус жуктурган эмес» деген жыйынтык менен ПЧР-тест керек экенин айткан.

Анда Сырдыбаевага «Бека Малыш» каймана аты менен таанымал кишинин кызматынан колдонууну сунушташкан. Журналист «Бека Малыш» менен телефон аркылуу байланышып, эсебине үч миң сом которгондон кийин ал бир суткада ПЧР-тесттин жыйынтыгын жасап берген. Сырдыбаевадан эч кандай анализ алынган эмес.

Кызыгы, кагазда ПЧР-тест «Бонецкий» лабораториясында жасалган деп көрсөтүлгөн. «Бека Малыш» муну аталган лабораторияда «өзүнүн кишиси бар» экени менен түшүндүрүп, буга чейин Aqua Lab менен да иштешкенин айткан. Ошондой эле, ал аэропортто тест менен көйгөй жаралса, ал жерде отурган медайым кыздарга «500 сом берсе маселе чечилээрин» кошумчалаган.

Сырдыбаева ПЧР-тесттин жыйынтыгын көчүрмөсүн «Бонецкийдин» өзүнө алып барып, базадан кайра чыгарып берүүнү суранган. Бирок тест лабораториянын базасында жок болуп чыкканда кызматкерлер документ жасалма болгонун айтышкан.

Лабораториянын коммерциялык директору Эсен Шеримбаев лабораториянын бланкын колдонуп, күнүнө 200дөй тест жасалмалоо фактылары катталып жатканын билдирген. Анын айтымында, мындай жасалма тесттердин баасы 5 миң сомдон 100 АКШ долларына чейин барат.

Таласта жасалмаланган ПЧР-тесттердин жыйынтыктары

Журналист мындан сырткары Талас облусундагы «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде тесттерди жасалмалап саткан кишилерди тапкан.

Ал жерде Казакстандын Жамбыл облусуна кирип-чыгып жүк ташыган айдоочуларга жасалма ПЧР-тесттин баасы 500, Орусияга Казакстан аркылуу кирген айдоочуларга — 1 000 сом болгон.

Жасалма документтерди Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун айдоочулары пайдаланаары аныкталган.

Сырдыбаеванын айтымында, ал айдоочулардын биринен интервью алууга аракеттенгенде ал агрессивдүү түрдө «бул жака аралашпа, бул жерде тамырлашып кеткен система, артында криминал турат» деген жоопту алган.

Ал эми журналист Таластын Бакай-Ата жана Манас районундагы айдоочулары менен байланышканда алар ПЧР-тесттердин жыйынтыктары жасалмаланып жатканын тастыкташып, бирок ачык айтуудан баш тартышкан.

«Ачык эле айтышты: “Кыргызстанда билесиңер жашоо кандай болуп жатат, айлык акыбыз аз, эч кандай жумуш жок. Биз эптеп 500 сомду төлөп, үч күнгө Таразга кирип чыгып жатабыз, силер ошону дагы бизден алып коёюн деп жатасыңар” деп мени абдан жаман көрүштү», — деди Сырдыбаева.

Ошондой эле жергиликтүүлөр журналистке Таластын милициясы ПЧР-тесттин жыйынтыгын жасалмалаган кишилерди кармагандан кийин айдоочулар эч жакка чыга албай, иши бир жумага токтоп калганын айтып беришкен.

*Үстүбүздөгү жылдын март айында Манас РИИБси ПЧР-тесттерди жасалмалаган эки кишини кармаган. Алар жасалма документтерди 500дөн 1500 сомго чейин сатып жүрүшкөн.

«Жасалма ПЧР-тест менен кирип чыккан айдоочулардын бирөөсү мага өзүнүн эски, колдонулбай калган ПЧР-тестин берди. Бул ПЧР-тест Мамлекеттик санэпидем көзөмөлдүн мөөрү менен чыгарылган, QR-коду да иштейт. Бирок QR-кодду текшере турган болсок ал жерде мекеменин сайты эмес, кадимкидей эле Google-дискке ушул эле жыйынтыктын PDF документи ачылат», — дейт журналист.

Жасалма тесттерди Aqua Lab’дын медайымы да жасаган

Ошондой эле, «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинин жанында жайгашкан Aqua Lab лабораториясынын филиалынын медайымы да бир канча убакыттан бери «вирус жок» деген жыйынтыктагы тесттерди жасалмалап сатып келгендиги белгилүү болгон.

Журналист Таластагы медайымга Бишкектен байланышка чыгып, аралыктан эле «терс» жыйынтыгы бар тестти эки миң сом акчага жасатып алган.

Аталган лабораториянын жетекчиси Ирина Цопова* иликтөөчү журналисттерге мындай факты катталганын моюндап, кызматтык териштирүүнүн натыйжасында медайым жумуштан алынганын айткан. Ошондой эле материалдар укук коргоо органдарына берилерин убадалаган.

*2020-жылы Ирина Цопова жана онколог Эмил Макимбетов «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевге «лейкоз» менен ооруганы тууралуу аныктама жасаганына күнөөлүү деп табылган. Кримтөбөл 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулуп, Орусиядагы Грозный шаарына учуп кеткен. Цопова 260 миң сомдук айыпка жыгылган.

Иликтөөчү журналисттер бул фактылардан кийин өлкөгө коронавирустун ар кандай штаммдары дал ушул ПЧР-тесттердин жыйынтыктары жасалмаланып жаткандыктан да келип жатат деп божомолдошту.