Таласта ПЧР тесттин жыйынтыгын жасалмалап сатып жүргөн эки киши кармалды

Сүрөт: Талас ОИИБи

Талас облусунун Манас райондук милициясы ПЧР тесттин жыйынтыгын жасалмалап сатып жүргөн эки кишини кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы 25-мартта билдирди.

Милицияга Кара-Буура жана Манас райондорунун аймагында белгисиз кишилер айдоочуларга COVID-19дун ПЧР анализинин жасалма жыйынтыгын мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн сунуштап, аларды 500дөн 1500 сомго чейин сатып жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Андан соң укук коргоо кызматкерлери кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүү пункттун жанында жайгашкан тамактануучу жайда тинтүү жүргүзүшкөн. Натыйжада жасалма ПЧР тесттердин жыйынтыгы бар кагаздар табылып, шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

Мындан сырткары, бул кылмышка Манас районунун Май айылынын 18 жаштагы тургундун да катыштыгы бар экендиги такталып, анын жашаган үйүнөн ноутбук жана принтер табылган.

«Саламаттык сактоо министрлигинин ПЧР анализинин жыйынтыгынын үлгүлөрүн өзүнө таандык ноутбугуна интернеттен алып жүктөп, аларды жарандардын атына жасалмалап даярдап, түстүү принтердин жардамы менен басып чыгарып, шектүү аркылуу жарандарга сатып жүргөн», — деп белгиленет маалыматта.

Аталган факт Манас РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Документтердин жасалмасы» беренеси менен катталды. Ал эми кармалган шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.