Батукаевдин иши боюнча дагы эки айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды

18-августта Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен атайын прокурордун мурдагы орун басары Кубатбек Жуматаевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту «Азаттыкка» кабарлады.

Сагынбаева менен Жуматаев коррупцияга катышуу боюнча күнөөлүү деп табылды, бирок тергөө менен кызматташууга барганы үчүн алардын ар бири 260 миң сомдон айыппулга жыгылды.

Ушул эле райондук сот 13-августта тергөө менен кызматташкан 10 кишиге өкүм чыгарган:

Лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөт аппаратынын коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, ССМдин кызматкери Канатбек Бектемиров, экс-судья Жапар Эрматов жана адвокат Али Касымов 260 миң сомдон айыпка жыгылган.

ЖАМКтын медициналык-санитардык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Асанов, ЖАМКтын дарыгери Фархад Атахожаев, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге 300 миң сомдон айып салынган.

Бишкек шаардык соту 14-августта Биринчи май райсотунун кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Алмазбек Атамбаевге карата чечимди күчүндө калтырган. Мурдагы президент «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган, ошондой эле мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган.

Президенттин аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Индира Жолдубаева ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 5 млн сом айыпка жыгылган.

Врач Абдухалим Раимжанов кылмышты жаап-жашырган деп айыпталып, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу соттолгон эмес.

ЖАМК башчысынын экс-кеңешчиси Калыбек Качкыналиев «коррупцияга катышкан» деген айып менен эки жылга соттолгон, бирок анын камакта кармоо мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу сот залынан бошотулган.

Бул иш боюнча жалпысынан 19 киши өтүп жаткан, алардын 14ү тергөө менен кызматташып, бирөөсү өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондой эле, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова дагы бул иш боюнча айыпталуучулардын арасында.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген.

Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында камакта отурат, ага штурмдан кийин бир катар айыптар тагылган.