Ош мэринин м.а. басма сөз жыйындан кийин журналисттерге дасторкон жайды

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов 23-августта жергиликтүү маалымат каражаттарына басма сөз жыйын куруп, андан кийин журналисттерге фуршет уюштурду.

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу Твиттерге жарыялаган сүрөттөргө караганда, дасторконго чучуктан тартып роллыга чейин коюлган. Ал эми фуршетти «ИЗЮМ» рестораны даярдаган болушу мүмкүн. Анткени салфетка салынган кутучада анын аталышы жазылып турат.

Үмөтбай уулу маалымат жыйындан мурун фуршет кайсы каражатка уюштурулганын сураганда, Мамбетов «акча өз чөнтөгүнөн» кеткенин билдирген.

Буга чейин Мамбетов аталган кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен келгенин айткан. Ошондой эле ал шаардык кеңеш мэрликке сунушталган жалгыз талапкер.

Өткөн жылдын ноябрь айында Ош облусуна жаңыдан башчы болуп келген Жарасул Абдураимов да маалымат жыйын куруп, андан соң журналисттерге мультиварка тартуулаган. Белек журналисттердин кесиптик майрамына карата тапшырганы айтылган. 

Дипломат, мэр, мамкаттоонун жетекчиси

Алмаз Мамбетов 45 жашта, ал 1999-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин (МУК) Дипломатия жана эл аралык мамилелер» факультетин аяктаган. Мамбетов эмгек жолун 2000-жылы Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт катары баштаган.

Ал 2002-2003-жылдары Спорт жана туризм министрлигинин байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп, 2004-2007-жылдары ТИМдин мамлекеттик протокол департаментинин катчысы болгон. Мамбетов 2008-2010-жылдары «Кыргыз темир жолу» ишканасында эмгектенген.

Ошондой эле 2011-жылы ал Бишкек мэриясынын эл аралык башкармалыгын жетектеген. Андан соң ишкерлик менен алектенген. Ал эми 2014-2016-жылдары «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» ЖЧКсынын PR-бөлүмүндө иштеген.

2016-жылы Балыкчы шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке сунуштаган — ал бул кызматты үч жыл аркалаган. Ал Балыкчы шаарын жетектеп турганда коомчулукта сөгүнүп-сагынган сөздөрү менен эсте калган. Ал 2017-жылы Балыкчынын экс-мэри Сатыбек Шамшудинов менен телефондон уруша кетип, аны «өлөсүң» жана «көтүңдү айрыйм» деп коркуткан. Кийин Мамбетов «Өлтүрүү коркунучу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, эки миң сомдук айыпка жыгылган.

Ал эми 2019-жылы ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандыктан кийин президенттин иш башкармасынын башчысы болуп дайындалган.

Тема боюнча:

Балыкчынын мурдагы жана учурдагы мэри телефондон сөгүшүп кетишти

«Ит үрө берет, кербен жүрө берет» — Балыкчынын мэри бактардын кыйылышына коомдук желеде жооп берди