Чүй: Москва районунун ЗАГСынын башчысы пара алып жатканда кармалды

Чүй облусундагы Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы (ЗАГС) А.И.Э. пара алып жатканда кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, шектүү паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүүдө калктан акча талап кылган туруктуу коррупциялык схема түзүп алган.

УКМКдан билдиришкендей, шектүүнүн ушуга окшогон 50дөн ашык ишке тиешеси бар экени аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине «Пара талап кылуу» беренеси боюнча катталып, ыкчам-тергөө ишери жүрүп жатат.

Шектүү учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Үстүбүздөгү жылы 28- июлда Талас районунун акиминин орун басары 30 миң сом пара алып жатканда кармалган. Ал ишкердүүлүккө уруксаат кагаздарын берүү үчүн тургундан 50 миң сом акча талап кылып, сумманын 30 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Тема боюнча:

Талас районунун акиминин орун басары пара алып жатканда кармалды

УКМК: Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу пара алууга шектелип кармалды