Талас районунун акиминин орун басары пара алып жатканда кармалды

28- июлда Талас районунун акиминин орун басары Т.К.Р 30 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү ишкердүүлүккө уруксаат кагаздарын берүү үчүн тургундан 50 миң сом акча талап кылган. Кармалган аткаминер сумманын 30 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн.

УКМКдан билдиришкендей, кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине «Пара талап кылуу» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Шектүү учурда Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайында.

Үстүбүздөгү жылы 24-июлда Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалган. Ал жолдун боюнда жайгашкан кафенин ээсинен тогуз миң доллар пара алууга шектелип жатат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Президенттин атын жамынып млн доллардан ашык акча опузалагандар кармалды — УКМК

УКМК президенттин аппаратынын маалымат кызматынын башчысын кармады