Жасалма ПЧР-тест сатуу. ИИМ журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерет

Министрлер кабинети «Али Токтакуновдун Медиа-Хабы» жана журналист Мээрим Сырдыбаеванын коронавирус жоктугу тууралуу жасалма маалымкат саткандар боюнча иликтөөсүнө үн катты.

Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, 25-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жыйын өткөрүп, ИИМге журналисттер айтып чыккан жасалма маалымкат даярдоо боюнча ишти тергөөнү тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуу фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы менен жеке менчик лабораториялардын ишин мыйзамдарга ылайык кароо тапшырылды.

Дагы бир тапшырманы Бакашова Чек ара кызматына берди. Ведомство журналисттердин материалында көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, келечекте мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюу чараларын көрүшү керек.

Иликтөө эмне жөнүндө?

«Али Токтакунов МедиаХабы» журналист Мээрим Сырдыбаева менен бирге Бишкек жана Талас аймагындагы ПЧР-тесттерди жасалмалап саткан базар тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда чет өлкөгө чыгуу үчүн коронавирус менен оорубаганын тастыктаган маалымкат ири жеке менчик лабораторияларда да даярдалып, аныктамалардын баасы 500 сомдон баштап 100 АКШ доллларына чейин сатылганы ачыкталган.

Сырдыбаева жасалма ПЧР-тесттерди саткандарды табыш үчүн кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетине барган. Андан соң журналист аныктаманы WhatsApp аркылуу саткан адам менен байланышкан. Журналист үчүн жасалма ПЧР-тест 3 миң сомго бааланган.

Кызыгы, кагазда ПЧР-тест «Бонецкий» лабораториясында жасалган деп көрсөтүлгөн.

Сырдыбаева ПЧР-тесттин жыйынтыгын көчүрмөсүн «Бонецкийдин» өзүнө алып барып, базадан кайра чыгарып берүүнү суранган. Лабораториядан болсо күнүнө 200дөй тест жасалмалоо фактылары катталып, алар 5000 сомдон сатылып жатканын билдирген.

Журналисттин айтымында, «Бонецкийдин» коммерциялык директору мындай жасалма тесттердин баасы кээде 100 АКШ долларына чейин барарын айтып берген.

Журналист Талас облусундагы «Чоң-Капка» өткөрмө бекетине дагы барган, ал жактан дагы тесттерди жасалмалап саткан кишилерди тапкан. Сырдыбаеванын айтымында, ал жерде Казакстандын Жамбыл облусуна кирип-чыгып жүк ташыган айдоочуларга жасалма ПЧР-тест 500, Орусияга Казакстан аркылуу кирген айдоочуларга 1 000 сомдон сатылган.

Жасалма документтерди Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун айдоочулары пайдаланаары аныкталган.

Журналист «Аквалаб» лабораториясынын жергиликтүү филиалына мазок тапшырып, андан соң COVID-19 жуктуруп алганын, тест оң натыйжа көрсөтүп жатканын айткан. Бирок 2000 сомду картасына которуу жолу менен «Аквалабдын» Бишкектеги филиалдардын биринен терс натыйжалуу маалымкат алган. Филиал «эч кандай кыйынчылыгы жок» чыгарып берген.

Аталган лабораториянын жетекчиси Ирина Цопова* иликтөөчү журналисттерге мындай факты катталганын моюндап, кызматтык териштирүүнүн натыйжасында медайым жумуштан алынганын айткан. Ошондой эле материалдар укук коргоо органдарына берилерин убадалаган.

*2020-жылы Ирина Цопова жана онколог Эмил Макимбетов «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевге «лейкоз» менен ооруганы тууралуу аныктама жасаганына күнөөлүү деп табылган. Кримтөбөл 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулуп, Орусиядагы Грозный шаарына учуп кеткен. Цопова 260 миң сомдук айыпка жыгылган.

ТЕМА БОЮНЧА:Иликтөөчү журналисттер ПЧР-тесттердин жасалма жыйынтыгын саткандарды аныктады