Видео: Баткен шаарында беш дүкөн жана кийим тигүүчү цех өрттөндү

Баткен шаарынын Нургазиев көчөсүндө жайгашкан кийим сатуучу дүкөндөн 30-августка каран түнү өрт чыкты. Тилсиз жоо жети сааттан кийин өчүрүлдү. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматка ылайык, өрт саат 23:52 чамасында чектөөгө алынып, түнкү саат 03:54дө өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктан беш дүкөн жана кийим тигүүчү цех кошо өрттөндү. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 550 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө райондук өрт өчүрүү кызматынан төрт бригада тартылган. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Ал эми Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, өрт алгач саат 21:00 чамасында башталган. Шаар тургундары өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан, бирок өрт күчөп кеткендиктен катар жайгашкан дүкөндөр күйүп кеткен.

Басылма жазгандай, кырсык электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыкканы болжолдонуп жатат.

Үстүбүздөгу жылдын март айында Оштун Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Айти» кафесинен өрт чыккан. Көп өтпөй өрт анын жанындагы «Магнит» тез тамактануучу жайына да өтүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен «Айти» кафеси толугу менен күйүп, «Магниттин» 15 чарчы метри жабыркаган.