Бекешев Башпрокуратурадан активисттерди тыңшоо иши боюнча толук маалымат талап кылды

Депутат Дастан Бекешев Биринчи май райондук сотунан ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Жумабаевдин тыңшоого алуу боюнча токтомунун көчүрмөсүн талап кылды. Бул тууралуу депутат фейсбуктагы барагына жазды.

Андан тышкары депутат соттон тыңшоого уруксат бергенде кошо тиркелген иштин башка материалдарынын көчүрмөсүн дагы берүүнү талап кылды.

«Ошол эле учурда Башкы прокуратурадан кылмыш ишинин материалдарын жана мага козголгон кылмыш иши боюнча толук маалыматты, ошондой эле укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча сотко арыздануу үчүн менин телефондук сүйлөшүүлөрүмдү тыңшоо мөөнөтү тууралуу маалыматты берүүсүн талап кылдым», — деп билдирди Бекешев

Тыңшоо

ИИМ 100гө жакын адамдын, анын ичинде активисттер жана саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алганы тууралуу 31-августта «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова айтып чыккан.

Сооронкулованын айтымында, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарган.

«Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин токтому негиз болгон. Анда Жумабаев судьядан аты аталган адамдарга карата 2020-жылдын 5-октябрь окуяларына байланыштуу, атап айтканда “Ак үйдү” штурмга алуу жана басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылгандыктан, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берүүнү өтүнгөн», — деп билдирген Сооронкулова.

Укук коргоо органдарынын мындай аракети коомчулукта резонанс жаратты. Кийинчерээк сот тергөөчү Чыңгыз Бердимуратовдун телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алуу чечими мыйзамдуу деп жооп берген.

«Аталган өтүнмөнү кароо учурунда ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы жана Башкы прокуратуранын прокурору бар болчу. Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган […]», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Кимдер тыңшоого алынган?

«Тыңшалып» жаткандардын арасында: парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, мурда президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев жана башкалар бар.

Ал эми активисттерден Тилекмат Күрөңов, Улан Үсөйүн, Урмат Жаңыбаев, Нурсултан Акылбеков жана башкалар тыңшоого алынган. Ошондой эле укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен Рита Карасартова дагы бул тизмеде.

Тыңшоого алынган бир нече адам, анын ичинде Сооронкулова жооптуу адамдарды жоопко тартуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

ИИМ кандай реакция кылды?

Кийинчерээк ички иштер министрлиги оппозициялык саясатчылар менен активисттерди октябрдагы окуялар боюнча козголгон иштин алкагында тыңшоого алганын мойнуна алган.

Ошондой эле, ИИМден активисттер менен саясатчыларды 2021-жылдын 6-январынан тартып 10-февралына чейин гана тыңшоого алганын билдиришкен. Тыңшоо 2020-жылдын октябрында болгон «Массалык башаламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

10-февралдан кийин «атайын тергөө аракеттери тергөө жана сот тарабынан узартылган эмес».

«Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган […]», — деп белгилешкен ИИМден.