Клара Сооронкулова: ИИМ 100дөн ашуун саясатчылар менен активисттердин телефонун тыңшоого алган

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова өзүнүн, ошондой эле башка 100гө жакын активисттердин, оппозициячыл саясатчылар менен укук коргоочулардын телефон сүйлөшүүлөрү соттун чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганын Фейсбук аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарган.

«Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин токтому негиз болгон. Анда Жумабаев судьядан аты аталган адамдарга карата 2020-жылдын 5-октябрь окуяларына байланыштуу, атап айтканда “Ак үйдү” штурмга алуу жана басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылгандыктан, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берүүнү өтүнгөн», — деп билдирди Сооронкулова.

Бирок, анын айтымында, «тыңшоого» алынгандардын тизмесинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жоктор дагы бар: адвокат Нурбек Токтакунов, юристтер Сания Токтогазиева жана Таттыбүбү Эргешбаева.

«Тыңшоо 2021-жылдын 6-январынан бери жүрүүдө. Тизмедеги адамдардын көпчүлүгү активдүү жарандык позициясы бар, бийликке жана өлкөдөгү мамлекеттик саясатка карата сын-пикирин ачык-айкын айткан жарандар. Булардын жеке жашоосу туралуу маалымат топтоо үчүн телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо — каршы пикири үчүн куугунтуктоо болуп саналат», — деп эсептейт Сооронкулова.

Дагы кимдер тыңшоого алынган?

Сооронкулова жарыялаган соттун чечимине ылайык, парламент депутаттары, оппозициячыл саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар тыңшоого алынган.

«Тыңшалып» жаткандардын арасында: парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, мурда президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев жана башкалар бар.

Ал эми активисттерден Тилекмат Күрөңов, Улан Үсөйүн, Урмат Жаңыбаев, Нурсултан Акылбеков жана башкалар тыңшоого алынган. Ошондой эле укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен Рита Карасартова дагы бул тизмеде.

Президентке кайрылуу

Сооронкулованын пикири боюнча, судья Чыңгыз Бердимуратов «кылмыш ишинин бар-жогун текшербей, аты аталган адамдардын иликтенип жаткан фактыга тиешеси бардыгын аныктабай» туруп «ачылбаган кылмыш иши» боюнча ойдон токулган токтом чыгарган.

Мындан улам, саясатчы жооптуу адамдарды жоопко тартуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал тыңшоого алуу фактысы боюнча ички иштер министри Уланбек Ниязбеков менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан алынышы керек деп эсептейт.

«ИИМдин жетекчилери менен тергөөчүлөрү, биринчи кезекте А.Жумабаев, судья Чыңгыз Бердимуратов кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек», — деп талап кылды ал.

Кайрылууга Клара Сооронкулова, Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана Өндүрүш Токтонасыров кол койду.