ИИМ: Саясатчылар менен активисттерди тыңшоо «мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн

Иллюстративдик сүрөт

Ички иштер министрлиги оппозициялык саясатчылар менен активисттерди октябрдагы окуялар боюнча козголгон иштин алкагында тыңшоо «мыйзамга ылайык» болгонун билдирди.

Милиция «Массалык башаламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешелүүлөрдү, ага катыштыгы барларды, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар менен мүмкүн болгон байланышдарды дагы аныктоо максатында» тыңшаганын ачыктады.

«Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган […] Көрсөтүлгөн убакыт өткөндөн кийин бул атайын тергөө аракеттери тергөө тарабынан жүргүзүлгөн эмес жана сот анын убактысын узарткан эмес», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Анткен менен тыңшоого алынгандардын тизмесинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жоктор дагы бар. Мисалы: адвокат Нурбек Токтакунов, юристтер Сания Токтогазиева жана Таттыбүбү Эргешбаева.

Сооронкулова буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жана жүздөн ашуун саясатчыны жана активисттерди тыңшоого ИИМге уруксат бергенин билдирген.

Сооронкулованын билдирүүсүнө ылайык, күч органдары аларды үстүбүздөгү жылдын 6-январынан 10-февралына чейин тыңшаган. Соттун токтомунда тергөө иш-аракети 2020-жылдын 5-октябрындагы окуяларга тийиштүү «Массалык башаламадыктар» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн.

Ал эми Биринчи май райондук сотунан аталган чечимди чыгарган тергөөчү судья Чыңгыз Бердимуратовдун аракетин «мыйзамдуу» деп аташты.

Президентке кайрылуу

Сооронкулованын пикири боюнча, судья Чыңгыз Бердимуратов «кылмыш ишинин бар-жогун текшербей, аты аталган адамдардын иликтенип жаткан фактыга тиешеси бардыгын аныктабай» туруп «ачылбаган кылмыш иши» боюнча ойдон токулган токтом чыгарган.

Мындан улам, саясатчы жооптуу адамдарды жоопко тартуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал тыңшоого алуу фактысы боюнча ички иштер министри Уланбек Ниязбеков менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан алынышы керек деп эсептейт.

«ИИМдин жетекчилери менен тергөөчүлөрү, биринчи кезекте А.Жумабаев, судья Чыңгыз Бердимуратов кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек», — деп талап кылды ал.

Кайрылууга Клара Сооронкулова, Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана Өндүрүш Токтонасыров кол койду.