Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 35 кесилишке камера орнотулат

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Ош шаарындагы 35 кесилиштин ар бирине жол кыймылынын эреже бузууларын аныктаган кеминде 18 байкоочу камера коюлат. Бул тууралуу «Клоопко» Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров кабарлады.

«Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен эмес, жол эрежесин бузгандардын эсебинен каржыланат. Бизде статистика боюнча 1000 айдоочунун ичинен жетөө эреже бузат. Ушулардын эсебинен долбоор ишке ашат», — деди Шатемиров.

Долбоордун экинчи этабы боюнча тендердин жыйынтыгы сентябрда ачыкталып, аны кытайлык Shenzen Sunwin Intelligent Co.Ltd ишке ашырмай болду. Компания өз кызматын 2,6 млрд сомго баалаган. Комитеттен билдиришкендей, бул тендер боюнча каралган суммадан 55 пайызга аз.

Долбоордун экинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт. Анын ичинде жети облус, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар да бар. Кытайлык компания долбоорду 12 айдын ичинде ишке ашырып бүтүшү керек.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын орусиялык «Вега» компаниясы ишке ашырган. Долбоор 2019-жылдын февраль айында ишке кирип, камералар Бишкек шаарына, Чүй облусуна жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдоруна коюлган. Азырынча алар жол кыймыл эреже бузууларынын жети түрүн каттайт.

Мындан тышкары, Чүй облусунда 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс (АПК) иштеп жатат. Түзүлүш жол кыймыл эреже бузуулардын эки түрүн аныктайт — ылдамдыктан ашыруу жана кош чийинден өтүүнү.