Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук соту өз үйүндө асынып өлгөн 33 жаштагы аялдын күйөөсүн «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» жана «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Анткен менен айыпталуучу үч жылга шартуу кесилип, 60 сааттык коомдук жумуштарга тартылды. Өкүм 28-июлда кабыл алынып, Жогорку соттун сайтында жарыяланды.
Эмне болгон?
2020-жылдын 23-сентябрында Ала-Бука райондук милициясына 33 жаштагы аял өз үйүндө асынып алганы боюнча маалымат түшкөн. Маркумдун жакындары өз көрсөтмөсүндө анын өлүмүнө «күйөөсүнүн зомбулугу себеп болгонун» айтышкан.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол күнү саат 21:00 чамаларында айыпталуучу аялына «дайыма мен айткан сөздөргө кулак салбай, мага сөз кайтарасың» жана «уул төрөп бербейсиң» деп ур-токмокко алган. Зомбулуктан кийин аял үйүнүн короосундагы жүзүм кармоочу устунга асынып, каза болгон.
Жубайлар 15 жылдан бери бирге жашап, алар төрт кыздуу болгон. Учурда кыздар чоң энесинин колунда тарбияланып жатышат.
Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, ал аялы менен уруша кетип «ачуу үстүндө бир жолу гана бетке чаап жиберген». Ал эми уруштун эртеси күнү ал аялын асынган абалда тапкан.
Күбө катары суралган маркумдун тайэжеси өмүрүн кыйган аял эркек төрөбөгөнү үчүн күйөөсү менен урушуп жүргөнүн айтып берген. Ошондой эле аял үчүнчү кызын төрөгөндө жолдошу төрөт үйүнө таптакыр эле барган эместигин белгилеген.
Анткен менен маркум «кыздарын жетим кылбайын деп, өлөөр-өлгөнчө чыдап күйөөсү менен жашаган» дейт маркумдун тайэжеси. Ошондой эле күбө айыпталуучу «дайыма арак ичип жаңжал салып жүргөнүн» кошумчалаган.
«Саат 22:21 чамасында маркум мага телефон чалып, “келип калыңыз, аябай уруп салды, көзүм көрбөй калды” деген. Мен өзүм ооруп жаткандыктан “баягы эле уруштун бири” деп бара албадым, “кайын энеңди чакыр” деп айттым. Эртеси күнү ал асынып алыптыр деген кабар келди», — деп эскерди ал күндү маркумдун тайэжеси.
Маркумдун агасы айыпталуучу арак ичип, чыр салып жүргөнүн жана маркумду сабап жүргөнүн тастыктады. Анткен менен соттук отурумда айыпталуучунун апасы менен бир туугандары бул маалыматтарды четке кагышты.
Экспертиза айыпталуучу маркумдун денесине жеңил жаракат келтиргенин аныктаган. Ала-Бука райондук сотунун судьясы Гүлмира Тумаева айыпталуучуну «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» жана «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренелери менен күнөөлүү деп таап, айыпталуучунун 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
Ошол эле учурда судья соттолуучуга үч жылдык пробациялык көзөмөл* колдонуп, сот залынан бошотту.
*Пробациялык көзөмөл — соттолуучуну оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу максатында жеке иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу социалдык-укуктук мүнөздөгү чаралардын комплекси. Анын аткарылышын пробациялык орган ишке ашырат.
Пробациялык көзөмөл деген эмне?
Пробациялык көзөмөл кылмыш иштерин жасаган жарандарга нормалдуу жашоого кайтып келүүсүнө жардам берүү үчүн түзүлгөн. Пробациялык көзөмөл үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери жооп берет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү — бирден 3 жылга чейин.
Эгер соттолгон адам пробация программасын ийгиликтүү аяктаса, анда ал жазасын өтөгөн болуп саналат. Эгер ал жөнү жок себептер менен көзөмөл талаптарын эки жолу (же андан көп) бузган болсо, пробация органы сотко кайрылса болот — соттолгон адам камакка алынышы же сот ага дайындаган башка жазаны өтөшү мүмкүн.
Эгерде соттолгон адам пробациялык мөөнөттө кылмыш же жорук кылса, анда ал жазага тартылат.
Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук
Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Өлкөдөгү аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык басым көрсөтүүгө, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Буга Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөлөрү далил болуп турат.
Ошол эле учурда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук аялдардын көзүн тазалоо учурларына алып келгени аз эмес. Киши колдуу болгон аялдар көбүнчө баш кошкон күйөөлөрү же жарандык никеде бирге жашаган өнөктөштөрүнүн колунан ажал табышкан.
Кыргызстанда эркектерди өлтүргөн аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонгон. Бирок алар түгөйүн өлтүрүп алган болсо, тергөө менен соттордун ырайымынан үмүт кылбай деле койсо болот. Көп учурда адам өлтүрүү үчүн соттолгон аялдар күйөөсү же өнөктөшү тарабынан ур-токмокко алынганына даттанышкан, бирок сот бул фактыны эске алган эмес.
ТЕМА БОЮНЧА: