«Эркек төрөбөйсүң». Ала-Букада асынып алды делген аялдын сөөгү эксгумацияланат

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрт ай мурда үйүндө асынып алды делген аялдын сөөгүнө эксгумация жүргүзүлөт. Мындай чечимди облустук сот кабыл алды.

Соттун басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, аял каза болгондон кийин дайындалган экспертиза анын денесине жеңил жараат болгонун аныктаган. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кийинчерээк маркумдун жакындары аялдын сөөгүн казып алып кошумча соттук-медициналык экспертизага берүү үчүн Аксы райондук сотуна өтүнүч келтирген. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырбагандыктан алар облустук сотко кайрылышкан.

«Жалал-Абад облустук соту 11-декабрда Аксы райондук сотунун токтомун жокко чыгарган. Эксгумация жүргүзүү жөнүндөгү өтүнмө канааттандырылып, ал боюнча Ала-Бука айылындагы “Канимбү” мүрзөсүнөн аялдын сөөгүн алып чыгууга уруксат берилди», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев аялдын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалып март айына чейин камакка алынганын билдирди.

Буга чейин 2020-жылдын 23-сентябрында Ала-Бука районунун 33 жаштагы тургуну өз үйүндө асынып алганы боюнча милицияга маалымат келип түшкөн. Милиция сөөккө сырттан кароо жүргүзүп, текшерүү иштерин баштаган.

Анда келиндин кайын журту өз жанын кыйганын айтышкан. Ал эми маркумдун жакындары келиндин өлүмүнө анын күйөөсүнүн зомбулугу себеп болгон деп божомолдошкон.

Маркумдун таежеси Пайзи Абдисаматова «Азаттыкка» келин кечинде аларга күйөөсү ур-токмокко алып жаткандыгын айтып телефон чалганын айткан. Маркум төркүндөрүн күйөөсү экөөнүн ортосуна түшүүгө чакырган.

Таежеси келиндин күйөөсү аны «эркек төрөбөйсүң» деп айыптап жүргөнүн да билдирген — 15 жыл чогуу жашаган жубайлар төрт кыздуу болушкан. Алардын улуусу 15те, кенжеси бир жашар ымыркай болчу.

Ошондой эле аялдын жакындары «Клоопко» анын өлүмүнөн кийинки сүрөттөрүн жолдогон болчу— анда анын денеси көк-ала болгонун жана чачы жулунганын көрүүгө болгон.