Бишкекте мамипотеканын үстөгүн төмөндөтүүнү талап кылгандар митингге чыкты

Бишкекте 7-сентябрда Өкмөт үйүнүн алдында мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин митинги өттү. Алар министрлер кабинетинен убадасын аткарып, батир алуу үчүн ипотекалык ченди жылына 4% га чейин төмөндөтүүнү талап кылышты.

Мамлекеттик кызматкерлер бийлик жазында эле ипотеканын үстөк пайызын төмөндөтүү убадасын бергенин эске салышты.

Митингге катышкандардын бири Асел Коңурбаева 2017-жылы 10 пайыздык үстөк менен ипотекага үй алганын айтып берди.

«Баштапкы төлөм аз эле болчу, 15 жылга алгам. Үч жылдын ичинде ипотека 8%га чейин төмөндөдү. Бул дагы деле чоң сумма. Тактык ирээтинде айта кетсем: Мен 14-15 миң сом айлык алам, анын 9 миң 200 сому ипотекага кетет», — деди ал.

Митингдин дагы бир катышуучусу бийликке бир нече ирет кайрылууга аракет кылганын айтты: Мамлекеттик ипотекалык компанияга, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго жана президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон. Бирок, алардан эч кандай жооп келген эмес.

«Бүгүн бул жерге катардагы мугалимдер менен дарыгерлер чыктык. Биздин бийлик күч түзүмүндө иштегендерге бекер үйлөрдү берип жатат. Биз бекер үй алууга үмүттөнбөйбүз деле, болгону убадасын аткарып, үстөк бааны 4%га төмөндөтүүсүн суранабыз», — деп билдирди дарыгер Гүлнара Сооронкулова.

Видео: Kaktus.media

Чогулгандардын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания мугалимдерге баштапкы төлөмсүз эле батир сатып алууга шарт түзгөн жаңы программа иштеп чыгууну убадалаган. Бирок, андай болгон эмес.

Ошол эле учурда, Мамипотекалык компания 2021-жылдын июлунда Кыргызстанда «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы расмий түрдө ишке киргенин билдирген. Анын негизинде, мамипотекалык чен 4%га чейин төмөндөтүлүп, турак жайга төлөө 25 жылга чейин узартылган. Анда мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы мындан ары баштапкы төлөм жоюлганын билдирген.

Бирок, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке киргизүү 2021-жылдын 16-сентябрына пландаштырылганы жазылган.

Ошол эле учурда, баштапкы төлөм жокко чыгарылган эмес. Программанын катышуучусу адегенде сатып алынган мүлктүн наркынын 10% дан кем эмес суммасын төлөшү керек же кошумча күрөө бериши керек. Насыянын максималдуу суммасы 4 миллион сомдон ашпоого тийиш.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 2015-жылдан 2020-жылга чейинки биринчи баскычында 5240 адам турак жай менен камсыз болгон. Азыр үй алуу үчүн 10 миңдей адам билдирүү жөнөтүп, кезекте турат.

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020»

2015-жылы «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы кабыл алынып, бийлик аны ишке ашырууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөп, долбоорду ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралганы айтылган.

МИК программанын алкагында коммерциялык банктар менен келишим түзүп, жарандарга төмөндөтүлгөн пайыздар менен ипотекалык насыяларды берген. «Жергиликтүү турак жай» аркылуу ипотекалык насыяларды алган биринчи кардарлар 12-14% менен алышкан.

Ал эми пайыздарды төмөндөтүү үчүн өкмөт 2019-жылдын май айына чейин эле Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 4,8 млрд сом бөлгөн. Бул мезгил аралыгында 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн. Бара-бара ипотекалык насыялардын пайыз чени төмөндөтүлүп, 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта насыя 6-8% менен бериле баштаган.

Пандемиядан улам пайда болгон жумушсуздук жарандардын көпчүлүгүнө көйгөй жараткан. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштаганы менен, насыя алуучулар ипотеканы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгонун айткан.

2019-жылдын 23-декабрда бир топ жарандар ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмүн төмөндөтүп берүүнү өтүнүшүп, митингге чыгышкан. Ошондой эле алар өкмөткө кат жолдошкон. МИКтин маалыматына ылайык, пандемия учурунда ишкана 1 миңге чукул насыялардын мөөнөтүн узарткан.