Мамлекеттик ипотеканы 4% үстөк менен берген турак жай программасы ишке кирди

«Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы 25-июлдан тарта расмий түрдө ишке кирди. Анын негизинде, мамлекеттик ипотекалык чен 4%га чейин төмөндөтүлүп, турак жайды каржылоонун мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева «Клоопко» билдиргендей, мындан ары баштапкы төлөм да алынбайт. Ал эми насыяга үй алгысы келген жарандар МИКтин сайты аркылуу өтүнмө жөнөтө алышат.

«Программанын талабына ылайык, билдирүү толтурган адамдын иштеген жерине карата турак жай берилет. Биздин адистер келген ар бир билдирүүнү дыкат текешерет. Себеби, программанын негизги максаты, үйү жок адамдарды үй менен камсыз кылуу», — деди ал.

Бекбаева, ошондой эле, жаңы программага жеке сектордо иштеген жарандар да катыша алаарын белгиледи. Бекбаеванын айтымында, МИКтин өзүнүн турак жай фонду түзүлүп, көп кабаттуу үйлөр курулат. Батирлер көп жылдык мөөнөткө насыяга берилип, андан ары менчикке чыгарылат.

«Негизи курулуштар, шаарга жана аймактарга курулат. Программанын дагы бир максаты аймактарга турак жайларды куруу менен жарандарды аймактарда кармап калуу, ички миграцияны токтотуу болуп эсептелет. Жер-жерлерде иштеп жаткан жаштарды үй менен камсыз кылып, аларга шарт түзүп берүү керек», — деп белгиледа ал.

Бекбаева майыптыгы бар же аз камсыз болгон жарандарга ипотекага уй алуу үчүн кошумча жеңилдиктер каралганын билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 2015-жылдан 2020-жылга чейинки биринчи баскычында 5240 адам турак жай менен камсыз болгон. Азыр үй алуу үчүн 10 миңдей адам билдирүү жөнөтүп, кезекте турат.

Буга чейин 25-майда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Аида Төлөгөнова «Менин үйүм 2021-2026» ипотекалык программасы менен тааныштырып, программанын каржы булагы эл аралык донорлор болоорун түшүндүргөн. Андан тышкары, өлкө бюджетинен акча бөлүнүп бөлүнүп, каражаттын калган бөлүгү баалуу кагаздарды сатуу аркылуу тартылаары кабарланган.

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020»

2015-жылы «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы кабыл алынып, бийлик аны ишке ашырууну Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөп, долбоорду ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралганы айтылган.

МИК программанын алкагында коммерциялык банктар менен келишим түзүп, жарандарга төмөндөтүлгөн пайыздар менен ипотекалык насыяларды берген. «Жергиликтүү турак жай» аркылуу ипотекалык насыяларды алган биринчи кардарлар 12-14% менен алышкан.

Ал эми пайыздарды төмөндөтүү үчүн өкмөт 2019-жылдын май айына чейин эле Мамлекеттик ипотекалык компаниясына 4,8 млрд сом бөлгөн. Бул мезгил аралыгында 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн. Бара-бара ипотекалык насыялардын пайыз чени төмөндөтүлүп, 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта насыя 6-8% менен бериле баштаган.

Пандемиядан улам пайда болгон жумушсуздук жарандардын көпчүлүгүнө көйгөй жараткан. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштаганы менен, насыя алуучулар ипотеканы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгонун айткан.

2019-жылдын 23-декабрда бир топ жарандар ипотекалык насыянын пайыздык өлчөмүн төмөндөтүп берүүнү өтүнүшүп, митингге чыгышкан. Ошондой эле алар өкмөткө кат жолдошкон. МИКтин маалыматына ылайык, пандемия учурунда ишкана 1 миңге чукул насыялардын мөөнөтүн узарткан.

Тема боюнча:

Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай» программасы карапайым калкка жеткиликсизби?

Кыргызстандыктарга мамлекеттик ипотека эми жылына 4% үстөк менен берилет