Активисттер менен депутаттарды тыңшоого уруксат берген судьяны кызматтан алуу талабы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев 7-сентябрдагы парламент жыйынында Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратовду кызматтан алууну талап кылды. Дал ушул судья 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарган.

Мирлан Жээнчороев. Сүрөт: ЖКнын басма сөз кызматы.

Жээнчороев аты аталган судья токтом чыгарууда «одоно мыйзам бузганын» билдирди. Ал депутаттарга карата тергөө иштери кылмыш иши козголгонго чейин жүргүзүлбөй турганын эске салды.

«Үч депутаттын иммунитети бар. Аларга Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана [кылмыш] иш козголот, тергөө амалдары жүрөт. Ошондуктан, судья мыйзымсыз иштерди мыйзамдаштырганы үчүн биз [Судьялар кеңешинин] дисциплинардык комиссияга кат жөнөтүшүбүз керек», — деди Жээнчороев.

Тыңшоо

ИИМ 100гө жакын адамдын, анын ичинде активисттер жана саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алганы тууралуу 31-августта «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова айтып чыккан.

Сооронкулованын айтымында, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарган.

«Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин токтому негиз болгон. Анда Жумабаев судьядан аты аталган адамдарга карата 2020-жылдын 5-октябрь окуяларына байланыштуу, атап айтканда “Ак үйдү” штурмга алуу жана басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылгандыктан, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берүүнү өтүнгөн», — деп билдирген Сооронкулова.

Укук коргоо органдарынын мындай аракети коомчулукта резонанс жаратты. Кийинчерээк сот тергөөчү Чыңгыз Бердимуратовдун телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алуу чечими мыйзамдуу деп жооп берген.

«Аталган өтүнмөнү кароо учурунда ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы жана Башкы прокуратуранын прокурору бар болчу. Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган […]», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Кимдер тыңшоого алынган?

«Тыңшалып» жаткандардын арасында: парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, мурда президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев жана башкалар бар.

Ал эми активисттерден Тилекмат Күрөңов, Улан Үсөйүн, Урмат Жаңыбаев, Нурсултан Акылбеков жана башкалар тыңшоого алынган. Ошондой эле укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен Рита Карасартова дагы бул тизмеде.

Тыңшоого алынган бир нече адам, анын ичинде Сооронкулова жооптуу адамдарды жоопко тартуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

ИИМ кандай реакция кылды?

Кийинчерээк ички иштер министрлиги оппозициялык саясатчылар менен активисттерди октябрдагы окуялар боюнча козголгон иштин алкагында тыңшоого алганын мойнуна алган.

Ошондой эле, ИИМден активисттер менен саясатчыларды 2021-жылдын 6-январынан тартып 10-февралына чейин гана тыңшоого алганын билдиришкен. Тыңшоо 2020-жылдын октябрында болгон «Массалык башаламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

10-февралдан кийин «атайын тергөө аракеттери тергөө жана сот тарабынан узартылган эмес».

«Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган […]», — деп белгилешкен ИИМден.