Алексей Филатовдун сөөгү Восток айылында жерге берилди

Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатовдун сөөгү Аламүдүн районундагы Восток айылында жерге берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына билдирди.

«Анын [Алексей Филатовдун] чыгармачылык ишмердүүлүгү жаңы теле долбоорлорду түзүүгө жана жаш таланттарды издөөгө багытталган. Алексейдин баскан жолу жаш муун үчүн мыкты үлгү болчу. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Алексей Филатовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Сүрөт: АКИpress

Алып баруучу жана шоумен Алексей Филатов 12-сентябрга караган түнү пневмониядан каза болгон. Филатов эки жарым айдан кийин 33 жашка чыкмак.

Алексей Филатов коомчулукка КТРКдагы «Хит-парад» программасын алып баргандан кийин таанылган. Ошондой эле, ал «Филатов мектеби» аталышындагы жеке бий мектебин түптөп, башка дагы көңүл ачуучу иш-чаралар менен программаларды уюштуруп жүргөн.

Тема боюнча:

«Баарын өз учурунда баркта». Маркум Филатов акыркы жолу эмне деп жазган?

Теле алып баруучу Алексей Филатов пневмониядан каза болду