«Баарын өз учурунда баркта». Маркум Филатов акыркы жолу эмне деп жазган?

Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов кайтыш болгондон кийин социалдык тармактардын колдонуучулары маркумдун инстаграмда жазган акыркы постун бөлүшө баштады. Алар 32 жаштагы шоумендин постун окуп, ал «өлөрүн сезген» деп болжошкон.

«Качандыр бир күнү жашоо сага бир эле жолу берилерин ойлоносуң.

Убакыт кандай тез өтөрүн түшүнүп, селт этесиң, бирок кайра эле эч нерсе кыла албайсың. Азыр жашың 15, 20 же болбосо 28би? Эч нерсе эмес! Жөн гана окуп кой. Суткада 24 саат бар. Ар бир күнүң терезеңдеги сонун күн нурунан башталат. Бирок сен кайра эле мектепке, коллежге жана жумушка баруу керек деп наалып баштайсың.Жарыгым, көзүңдү ач. Өмүрүңдө бир эле жолу мектепте окуйсуң. Келечекте чоң мааниге ээ болуп, өзүңө жана айланадагыларга таасир эте турчу нерселерге учурунда жеңил гана мамиле кылган бейкапар мезгил өмүрдө бир эле жолу болот.

Күлкү. Алгачкы сүйүү. Кубануу. Жолугушуулар. Сабактан качуу. Кеч. Жай. Өмүр кайда сызат? Ойлон. Баарын өз учурунда баркта. Ар бир окуяны мурда көрбөгөндөй, сезбегендей баалап жаша. Анткени 15, 20 жашка өмүрдө бир гана жолу чыгасың…», — деп жазган Филатов.

Филатов бул постун 23-августта жазып, үч күндөн кийин оор абалда ооруканага жаткырылган. Ага пневмония деген диагноз коюлган. Ал эми 12-сентябрга караган түнү ооруканада көз жумган.

Алексей Филатов коомчулукка КТРКдагы «Хит-парад» программасын алып барып таанылган. Ошондой эле, ал «Филатов мектеби» аталышындагы жеке бий мектебин түптөп, башка дагы көңүл ачуучу иш-чаралар менен программаларды уюштуруп жүргөн.