Энергетика министрлиги: Электр үчүн жаңы тарифтер октябрдан баштап иштеп баштайт

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев 14-сентябрда басма сөз жыйында эл электр энергиясы үчүн дүмүрчөктөрдү жаңы тарифке ылайык октябрь айында ала баштарын билдирди.

Айталиев тариф саясаты бир нече жолу талкууланганын, учурда тарифтерди көтөрүү боюнча документтер президенттин администрациясынын кароосунда экенин айтат.

«Биздин маалыматка караганда документ эгер күчүнө кирсе ал үстүбүздөгү жылдын октябрында аракетке киргизилет», — деп тактайды эгергетика жана өнөр жай министринин орун басары.

Электр энергиясынын тарифин көтөрүү

Электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин азыркы бийликтегилердин арасынан биринчи Садыр Жапаров өзү айтып чыккан.

Учурда катардагы абоненттер эгерде айына 700 кВт/саатка чейин колдонсо 1 кВт/сааты үчүн 77 тыйындан төлөшөт. Бул чектөөдөн ашкандан кийин ар бир киловатт үчүн алар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Апрелде президент энергетикалык тармакты кризистен чыгаруу үчүн электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгууну сунуштаган. Жапаровдун сунушу боюнча, катардагы абоненттерди үч категорияга бөлүү сунушталган: аз камсыз, тоолу райондордун жана жашоо шарты жакшы тургундар.

Андан кийин энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев 2021-жылы электр энергиясына болгон баа өзгөрбөй турганын билдирген. Буга чейин энергетика министрлиги 1-сентябрдан тартып жаңы тариф киргизүүнү пландаган болчу.

Бирок 23-июлда энергетика министрлиги жарандар менен депутаттардан келген көптөгөн кайрылуулар боюнча «Электр энергиясынын 2021-2025-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаты» жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыкканын кабарлаган.

Бул долбоордо жарандардын пикири эске алынып, азырынча катардагы абоненттер үчүн тарифтерди жогорулатуу сунушталган эмес.

Электр энергиясына карата тариф саясатынын жаңы долбоорунда ведомство төмөндөгүлөрдү сунуштады:

  • катардагы керектөөчүлөр үчүн тарифтерди азыркы деңгээлинде сактоо — 1 кВт/с үчүн 77 тыйындан;
  • айына 700 кВт/сааттан ашык колдонгон учурда тариф 2,16 сом/кВт саатты түзөт;
  • бийик тоолуу жана жетүүгө татаал болгон аймактарда дагы жылына 1 кВт саат үчүн 77 тыйын төлөнөт, чектөө коюлбайт.

Бирок өнөр жай тармактары үчүн министрлик тарифтерди көтөрүү сунушунан баш тарткан жок.

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

Өлкөдө электр энергиясы тартыш болорун 2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков дагы айткан. Ошентсе да мурдагы бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган.

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

Андан тышкары, Кыргызстан коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алууну улантып жатат.