Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Токтогул суу сактагычындагы сууну көлөмү 13 миллиард кубометрден төмөндөп кеткенин билдирди. Адатта 17 миллиард кубометр нормалдуу деп эсептелет. Анын айтымында, электр энергиясын колдонуу жогорулагандыктан көмөк чордондорго күч келип жатат. Андыктан жарык автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн.
«Токтогул суу сактыгычында 16-декабрга карата суунун көлөмү 13,1 млрд. куб метр суу калды. Кечээ электр энергиясын колдонуу кубаттуулугу 67 млн кВт/саатка жеткен, мурдагы күнү бул көрсөткүч дээрлик 70 миллион киловатт-саатка жеткен. Күн сайын 7-10 миллионго көп колдонулууда. Бардык көмөкчордондор кызып кетип жатат. Ушундан улам электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбосо дагы, автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн»», — деди ал.
Жарыкты үнөмдөгүлө
Кыргызстанда жарыктын автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн экендигин буга чейин Улуттук энергохолдингден билдиришкен. Анда чиновниктер кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырган.
Алардын маалыматында, аба ырайынын кескин сууктап кетишинен улам калктын электр энергиясын колдонуусу рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Алар электр энергиясы ашыкча көп пайдаланылган учурда автоматтык өчүргүчтөр иштеп кетиши мүмкүн, алар адатта ашыкча жүк келип кеткенде иштейт жана ал өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн дешет.
Алар маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын убада кылып, үйдү жылытуу үчүн газ жана көмүр жагып, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган.
15-декабрда кечинде электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө нааразы болуп Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун тургундары айланма жолду тосуп алышкан. Социалдык тармактарда жана ЖМКда адамдар айланма жолду тороп, автоунаанын дөңгөлөктөрүн өрттөп жаткан видеолор тараган.
16-декабрда Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев «Азаттыкка» маалымдагандай, маселе жарым-жартылай чечилип, аталган конуштарга электр энергиясы кезеги менен бериле баштаган.
«Мисалы, эки көчөгө эки саат берип, дагы эки көчөнү өчүрө турсак. Анан аларга бергенде беркилери өчүрүлүп турат. Тургундар өздөрү да буга макул болушту», — деген ал.
Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгы
2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.
«Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн киловатт-саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деди ал.
«Электр станциялары» ААКтын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин айтымында, Казакстандын энергосистемасындагы көйгөйлөрдөн улам электр энергиясын импорттоо келишими учурда толук көлөмдө аткарылбай келет.
«Электр энергиясы келип жатат, бирок пландалган көлөмдөн бир топ эле аз. «Электр станцияларындагы» жалпы абал туруктуу, жабдуулар кадимки режимде иштеп жатат, Бишкек жана Ош ЖЭБине графикке ылайык отун жеткирилип жатат», — деп белгилеген Ачикеев.
2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу.
Бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.
Кезектеп жарыкты өчүрүүнүн бийликтин имиджине тийгизген таасири
Коомчулукта жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшү Кыргызстандын экинчи качкын президенти Курманбек Бакиевдин режимин эске салат.
Мындай өчүрүүлөр 2008-2009-жылдары, кыш мезгилинде көп катталган — анда өлкө боюнча күн сайын электр жарыгынын өчүрүлүшүнө Кыргызстандын электр энергиясын ири масштабда башка өлкөлөргө импорттошу же суу сактагычтагы суунун башка мамлекеттерге сугат иштери үчүн сатылып кеткени себеп болгон.
Буга байланыштуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайган. Жарыктын өчүрүлүшү менен катар бакиевчил режимдин көптөгөн көйгөйлөрү, анын ичинде рейдерлик басып алуулар бийликтин имиджине сокку уруп, акыры элдин массалык толкундоосу менен аяктаган.
2010-жылдын апрель айында нааразылыктардан улам Бакиевдин режими кулап, өлкө башчысы Белоруссияга качууга аргасыз болгон. Учурда ал кылган кылмыштары үчүн жазага тартылбай, үй-бүлөсү менен ал жакта күн кечирип келет.