Ош: Облустун жаш мугалимдерине жер тилкелери жана батир белекке берилди

14-сентябрда Ош облусундагы билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кеңешмесинде облус башчысы Зиядин Жамалдинов жаш мугалимдерге жер тилкелерин, акчалай сыйлыктарды жана батир тапшырды.

Ага ылайык, Кара-Суу жана Өзгөн районунан беш, Чоң-Алай районунан үч мугалим жер тилкесине ээ болду. Ал эми Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн мугалимине жер там белекке берилди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүгөн «Клоопко» билдиришкендей, акчалай сыйлыктар облус башчысынын резервдик фондунан, жер тилкелер айыл өкмөттөрдүн токтому менен берилди. Ал эми Алля Анаровдогу мугалимге берилген жер там үчүн жергиликтүү бийлик каражат бөлгөн.

Облус башчысы «жаш мугалимдерди турак үй жана жер тилкелери менен камсыз кылуу боюнча жумуштар мындан ары да жүргүзүлөрүн» убадалады.

Жыйында ЖРТда жогорку упай алган окуучулардын мугалимдери да сыйланды. Аларга 10 миң сомдон тапшырылып, ал эми билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына сапаттуу даярдоого салым кошкондорго ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилди.

Билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө жасаган баяндамада Жамалдинов аймактын билим берүүдөгү көрсөткүчү башка облустарга салыштырмалуу төмөн экенин, буга байланыштуу мугалимдерге өзгөчө шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

«Мен сиздерге жана билим берүү тармагына шарт түзүп берүүгө күчүмдү жумшайм. Ошондуктан баарыбыз биргеликте облустагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө аракет кылалы», — деди ал.

Бүгүн, 15-сентябрда, жаңы окуу жылы башталды. Мектептер жана университеттер окутууну офлайн түрүндө улантып жатышат.

Өлкө бийлиги «өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу билим сапатын камсыздоо үчүн офлайн режимге этап этап менен өтүү максатында» жаңы окуу жылын 15-сентябрда баштоону чечкен.