Жаңы окуу жылы 15 күнгө кеч башталат — минкаб

Иллюстративдик сүрөт

Билим берүү мекемелеринде окуу процесси 15-сентябрдан башталат. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 12-августта кол койду.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылын 15 күнгө жылдыруу чечими өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Бирок минкаб офлайн режиминдеги билим алууга акырындык менен өтүү керектигин билдирет.

Маалыматта окуу процессин офлайн режиминде баштоо үчүн билим берүү мекемелеринин 70%дан ашуун кызматкерин эмдөөдөн өткөрүү керектиги да белгиленет. Бүгүнкү күндө 37%га жакын кызматкер гана вакцина алган.

«Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. 12-августка карата 56 миң 114 кызматкерге COVID-19га каршы 1 доза эмдөө жүргүзүлгөн. Демек дагы 52 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүүсү абзел», — деп билдирди минкабдын төрагасы.

Окуу процессинин жылдырылышы билим берүү тутумунунда иштегендердин айлык акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбейт.

Эпидкырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу

Өлкөдө мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен тарта аралыктан окуп келишкен. Өлкөдө ӨА жана ӨК режими киргенден кийин Билим берүү министрлиги тез арада аралыктан билим алуунун окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуу материалдары ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилип турган.

Бирок ата-энелердин көбү онлайн окууну сынга алып, окуу материалдарынын сапатына нааразы болушкан. Ошондой эле, ата-энелер керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Дагы окуңуз:

Башкы прокуратура: Окуучуларды текшерүү онлайн-сабактан качкандарды аныктоого багытталган

«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө

Билим берүү министрлиги окуучуларга окутуунун жаңы формаларын сунуштады