«Мадина». Чек ара чырында каза тапкандардын жакындары үчүн курулган шаарча ачылды

Баткен шаарынын Чет-Булак аймагында Тажикстандын аскерий агрессиясынан каза болгон 36 кишинин үй-бүлөсүнө жаңы курулган үйлөр тапшырылды. Жаңы конушка Лейлек районунда тажик аскерлеринин миномётунан каза болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын ысмы ыйгарылды.

«Мадина шаарчасынын» ачылышына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев, чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов, депутат Карамат Орозова жана коомдук ишмер Ассол Молдокматова катышты.

«Үй үч бөлмөлүү жана ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Апрель окуяларынан кийин жабыркагандарга жардам көрсөтүп келген Ассол Молдокматова чек ара чырында каза тапкан кыргызстандыктардын арбагы жакындарын колдоп турсун деп тилек кылып, өлкөдө тынчтык болсун деди.

«Кыргызстандыктар каза болбосун, жаш балдар каза болбосун — алар узун өмүр сүрүшү керек. Азыр бул жерге [маркумдардын] үй-бүлөлөрү жайгаштырылды, алар үчүн бул күн маанилүү. Тилекке каршы алардын жакындары ушул үйлөр, ушул шаарча канчалык кооз экенин көрө алышпайт. Алардын арбагы үй-бүлөлөрүн, жакындарын, туугандарын колдоп жүрсүн жана биздин жерибизде дайыма тынчтык болсун», — деди Молдокматова.

Турак жайларды «Ихлас» жана SMA Group курулуш компаниялары салып берген. Иш-чарага компаниянын жетекчилери Нурбек Осмонов жана Канатбек Оморов да катышты.

Видео: «Турмуш» басылмасы

Осмонов 20 үйдү «Ихлас» компаниясы, экиден үйдүн курулушуна диний аалым Абдышүкүр Нарматов жана «Кут» компаниясы демөөрчүлүк кылганын, дагы эки үйдү «атын атагысы келбеген» компания салып бергенин билдирди. Калган 10 үйдү SMA Group салып берген.

«Ихлас» бул «Каганат Инвест» холдингинин ичине кирген компаниялардын бири — аталган холдингди Нурбек Осмонов жетектейт, ал эми анын бир тууган агасы Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаты. SMA Group болсо «Элит-Строй-Сити» курулуш компаниясынын туундусу.

Тажикстандын аскерий агрессиясы

28-апрелде тажик тарап Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы мамычаларга өз алдынча видео байкоочу камера орнотууга аракет кылып, анын айынан эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Кийинчерээк чыр куралдуу жаңжалга айланып, ок атуулардын кесепетинен 189 кыргыз жараны жарадар болуп, анын ичинен 36 киши каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Тажик аскерлер Баткен районунан сырткары Лейлек районундагы айылдарга да кол салып, жалпысынан 140 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгонун маалымдаган.