Чек ара чырында курман болгон 12 жаштагы Мадинанын сөөгү жерге берилди

Мадина Рахматжанова. Сүрөт: BBC

29-апрелде Лейлектин Интернационал (Борбордук) айлында тажик аскерлеринин миномётунан атылган октон улам 12 жаштагы Мадина Рахматжанова каза тапты. Ал 30-апрель күнү жерге берилди.

Интернационал айылына ок атыла башталганда, Мадина апасы жана сиңдиси менен кошо айылдан качып чыгууга аракет кылган. Бирок апасы менен ага ок тийип, сиңдиси бутунан жаракат алган.

«Аларды көрүп калган айылдаштары көтөрүп алып машинага салып, аймактык ооруканага алпарышкан. Бирок аймактык оорукана алардын абалы оор экен, райондук ооруканага алпаргыла деген. Бирок, тилекке каршы, алтынчы класстын окуучу кызы ооруканага жетпей каза болуп калды», — деген Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Би-Би-Синин кыргыз кызматына курган маегинде.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгон кыргызстандыктардын саны 31ге жетти. Жалпы 154 адам жарадар болду.

Алардын 121и катардагы жарандар болсо, 23 киши күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү.