Президент Жапаров ЖККУ жана ШКУ саммитине катышуу үчүн Тажикстанга барды

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы Садыр Жапаров Тажикстанга барганын кабарлады. Анда президент Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышат.

Президент Жапаров ЖККУ жана ШКУ саммитине катышуу үчүн Тажикстанга барды

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жапаров 16-сентябрда ЖККУ саммитине катышат, анда өлкө башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Эртеси күнү, президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өлкө башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Анда уюмдун алкагындагы пандемиянын кесепеттерин жоюу жана аймактык, эл аралык кызматташуунун актуалдуу темалары боюнча биргелешкен кадамдардын абалы жана алгылыктуу багыттары талкууланмакчы.

Андан тышкары, ШКУга жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларынын биргелешкен жыйынында Ооганстандагы абал талкууланат.

Биринчи сапар

Бул Жапаровдун президент катары Тажикстанга болгон экинчи сапары. Алгачкы жолу кошуна өлкөгө 2021-жылдын июнь айынын аягында барган. Жапаровдун биринчи сапары 2021-жылдын апрель айынын аягында эки өлкөнүн чек арасындагы Баткен облусунда болгон куралдуу жаңжалдан дээрлик эки айдан кийин болгон.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 190 адам түрдүү жаракат алган. Окуя болгон аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тажикстан тарап каза болгондор менен жаракат алгандар тууралуу 6-майда гана маалымат жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 19 жараны каза таап, 87 киши жарадар болгон.

Июнь айынын аягында Жапаров расмий сапар менен Дүйшөмбүгө учуп кетет деген маалымат коомдо эки ача пикирди жараткан, анткени чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлеринин аракетин «аскерий агрессия» деп атаган.

Ал учурда эки өлкөнүн президенттери жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон алты сааттан ашык бетме-бет олтуруп баарлашкан.

Тема боюнча:Жапаров менен Рахмон жабык эшик артында алты саат эмнени талкуулашты?

Андан кийин президенттер пресса үчүн билдирүү жасашкан. Анда эки өлкөнүн башчылары чырлуу чек ара маселесин талкуулашканын айтып, жакын арада маселе чечилерин билдиришкен. Ошол сүйлөшүүдө 32 километр жумушчу тартипте макулдашылганы белгилүү болгон.

Чек аранын такталбаганы кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда чыккан чырлардын башкы себеби болуп келет. Жаңжалдын чыгышына жер, суу талаш жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү негиз болот.

Апрель айынын аягындагы куралдуу жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы оңдоп-түзөө иштеринен улам келип чыккан.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт — анын 519 чакырымы гана делимитация жана демаркациядан өткөн, калганы такталбаган бойдон турат.

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында дагы 40 км чек ара такталганы белгилүү болгон. Бирок, кайсы участкалар такталганы белгисиз. Ошондой эле бул макулдашууларга кол коюла элек.