Бир кадр менен: Жапаров менен Рахмондун чек ара чырынан кийинки алгачкы жолугушуусу

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. Сүрөт: Тажикстан президентинин басма сөз кызматы

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы Эмомали Рахмон 29-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушканын билдирди.

Жолугушуу Рахмондун шаар четиндеги «Бахор» резиденциясында бейформал шартта өттү. Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчылар жаратылыш кооздугуна күбө болуп туризм тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алышкан.

Андан сырткары өлкө башчылар кечкисин сейилдеп, анын максаты «өлкөнүн кооз жана кайталангыс жерлерин көрсөтүү» болгону айтылат.

Жапаров менен Рахмон эки өлкөнүн кызматташтыгын, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.

Жапаров Тажикстанга 2021-жылдын апрелинде эки өлкөнүн чек арага жакын аймактарында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстанга алгачкы жолу расмий сапар менен барды.

Куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза тапкан, дагы 154 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон. Мындан тышкары, чек арага жакын аймактардан 40 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу.

Коңшу мамлекеттин бийлигинин маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда 19 адам каза таап, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Тараптар ок атууну толугу менен токтотуу келишими кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин 1-майда жетишилген. Ал эми 3-майда тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан дайыма турган жайларына алып кетүүнү иштерин аякташкан.

Жапаровдун Дүйшөмбүгө расмий сапар менен бара турганы боюнча маалымат коомдо ар кандай реакция жараткан, себеп дегенде чек ара жаңжалынан кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин «аскерий агрессия» деп баалаган болчу.

Тема боюнча:

Ооган-тажик чек арасында эмне болуп жатат жана Жапаровдун кандай тиешеси бар?