Парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Бишкектин Биринчи май райсотунун судьясы Азирет Медеровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Замир Жоошев фейсбук барагына жазды.
Арызда Жээнбеков «кызмат абалынан кыянат пайдаланып саясатчыны мыйзамсыз эркинен ажыратканы үчүн» судьяны кылмыш жообуна тартууну суранган.
Равшан Жээнбековдун судья Азирет Медеровдун үстүнөн жазган арызы. Сүрөт: Замир Жоошев.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-августта үй камагынын шартын бузганы үчүн Жээнбековду 5-октябрга чейин ТИЗО-1ге киргизген.
Жоошевдин айтымында, анда сот «эч жерде жок» үй камагы деген бөгөт чараны камакка алуу чечимине өзгөрткөн. Мурда адвокат Жээнбековдун үй камагынын мөөнөтү 11-майда аяктап, андан кийин узартылбаганын айткан болчу.
«Бул 2021-жылдын 12-майынан тартып Равшан Жээнбеков үй камагында эмес жана үй камагынын чектөө шарттарын сактоого милдеттүү эмес экенин түшүндүрөт», — деп белгилеген адвокат.
Саясатчы өз арызында Башкы прокуратурадан «көрсөтүлгөн фактыны кылдат текшерип чыгууну» суранган.
«Судьянын мыйзамсыз чечиминин натыйжасында мага узак убакытка (30 күндөн ашык) эркимден ажыратуу түрүндөгү оор залакат келтирилди», — деп жазган Жээнбеков.
Жээнбеков деген ким?
Равшан Жээнбеков — парламенттин экс-депутаты. Алмазбек Атамбаев бийликте турганда ал оппозицияда болчу, бирок мурдагы өлкө башчысы тактан түшкөндөн кийин кайра аны колдоого өткөн. Ал тургай Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган.
Равшан Жээнбековго оор жана өтө оор жети берене боюнча айтып тагылган. Арасында «Барымтага алуу», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» жана «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери бар.
«Жарандык көзөмөл комитети» анда мурдагы депутатты саясий туткун деп атап, бөгөт чарасын токтоосуз кайра кароону талап кылган.
2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Равшан Жээнбеков ТИЗО-1ден чыккан, кийин анын бөгөт чарасы үй камагына алмашкан.
Үй камагында отурган аралыкта Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоого катышууга үлгүргөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 0,2% шайлоочунун колдоосуна ээ болгон. Ал эми президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жеткен.