Равшан Жээнбеков үй камагынын шартын бузганы үчүн ТИЗО-1ге камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-августта экс-депутат Равшан Жээнбековду ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарды.

Буга чейин саясатчы үй камагында болчу. Мамлекеттик айыптоочу үй камагынын шартын бузганына байланыштуу — саат 22:00дөн кийин үйүнөн чыкканы үчүн — Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Соттун чечимине ылайык, Жээнбеков 2021-жылдын 5-октябрына чейин камакта болот.

Саясатчы сот отуруму аяктагандан кийин судьянын бул чечимин «саясий куугунтук» деп атады. Анын пикиринде, бийлик өлкөдөгү оор абалдын шартында, шайлоонун алдында «саясий айдыңдан активдүү саясатчыларды жок кылууну» көздөп жатат.

Жээнбековдун кармалышы 2019-жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу менен байланыштуу. Ошондо бийлик Атамбаевге коррупция боюнча айып таккан эле.

Жээнбеков «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча «сотко чейинки өндүрүштүн алкагында» кармалган.